www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын «Чүй электр тармагы» ишканасынын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар бир жыл бою электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү менен электр тармагына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан. Натыйжада мамлекетке зыян келтирилген.
22-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары «Чүй электр тармагы» ишканасынын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. кармалды.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча тергөө улантылууда.