www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айбек Алтынбеков мыйзамдан жогору турабы?

Базар-Коргондо 20 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алган деген доомат Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековдун дарегине айтылды. Бул айыптоо президент Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жергиликтүү тургундун айтымында, депутат базарлар жайгашкан аймактагы жерлерди мыйзамсыз пайдаланып, жергиликтүү бийликке да басым көрсөтүп келет. Прокуратуранын өкүлү тогуз гектар жер боюнча иш сотто каралып жатканын, ал эми башка арыздар боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди.

Президент талаштуу жерлердин мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.

Эгер мыйзам бузуу аныкталса, депутаттык мандат эч кимге калкан болбошу керек. Мындай депутаттар элдин кызыкчылыгын эмес, жеке керт башынын мүдөөсүн көздөгөндөн башка иш кылбайт. Демек, мандатынан ажыратуу маселеси каралышы керек.

Последние новости