www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинадагы согушка Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн 20 миңден ашуун жаранды тарткан. Бул тууралуу украиналык «Хочу жить» долбоору билдирген.

Тажикстандын Исфара шаарында эки акча алмаштыруучунун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө Украинадагы согушка катышып, мекенине кайтып келген адам шектелүүдө. Бул окуя согуштан кайткандардын коомго кайра аралашуусу жана коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды.

Эксперттер согуштан алган психологиялык жаракат, зомбулукка көнүү жана социалдык колдоонун жетишсиздиги кылмыштуулуктун көбөйүү тобокелдигин жаратышы мүмкүн экенин эскертишет.

Алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтерин согушка тартылган жарандарды аныктоого, мажбурлап аскерге алууну алдын алууга, ошондой эле мекенине кайткандарга психологиялык жардам көрсөтүп, жумуш менен камсыз кылууга чакырышууда.

Азырынча аймак өлкөлөрүндө согуштан кайткандардын саны жана аларды коомго кайра аралаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу толук расмий маалымат жок.

Последние новости