www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга даяр экенин АКШ менен макулдашты. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Вести» телеканалынын журналисти Павел Зарубин менен болгон маегинде билдиргенин ТАСС агенттиги маалымдады.

«АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрүбүзгө келсек, ооба, биз үч тараптуу байланыштарды кайра жандандырууга даяр экенибизди макулдаштык», — деди Орусиянын лидери.

Ошондой эле Путин Орусия менен Украинанын ортосунда макулдашууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине ишеним билдирди. Орусия мамлекетинин башчысы иш жүзүндө орустар менен украиндер бир эл экенин белгиледи.

«Менимче, биз макулдашууга келе алабыз. Биз буга макулбуз», — деп кошумчалады ал.

Последние новости