www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта жер чатагы президентке чейин жетти. Сузак районунун тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жеңишбек Токторбаев менен УКМКнын мурдагы райондук жетекчисин үй-бүлөсүнө таандык жер тилкелерин коркутуу жолу менен тартып алган деп айыптады.

Арыз ээсинин айтымында, 2023-жылы «Асман-6» турак жай комплексин куруу үчүн үй-бүлөсүнө тиешелүү жерлер алынган. Анын билдиришинче, 20 сотых жер үчүн компенсация төлөнгөнү менен, дагы 1 гектар 77 сотых жердин акысы берилген эмес. Ал колунда мамлекеттик акт бар экенин айтып, жерди өз ыктыяры менен өткөрүп бербегенин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү органдарга арызды кабыл алып, маселени кароону тапшырды. Эми мындай дооматтар көз жаздымда калбастан, ачык жана калыс иликтенүүгө тийиш.

Последние новости