www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эң ири электр тармактык компаниясы – «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» (НЭСК) 2025-жылды 9,57 миллиард сом чыгым менен жыйынтыктады. Бир жылда эле жоготуу 80 пайызга өсүп, 2024-жылдагы 5,31 миллиард сомдон 9,57 миллиард сомго жетти.
Эң кызыгы, компаниянын негизги ишмердиги 2,1 миллиард сом киреше алып келген. Бирок операциялык эмес чыгымдар 11,15 миллиард сомго жетип, оң көрсөткүчтү жокко чыгарган. Демек, компаниянын негизги иши кирешелүү болгону менен, жалпы финансылык жыйынтыгы терс бойдон калды.
Ошол эле учурда активдери 82,29 миллиард сомго жеткени менен, бул компаниянын натыйжалуу иштеп жатканын билдирбейт. Аудиторлор да финансылык отчетко эскертүү менен корутунду беришкен.
Электр тармагында миллиарддаган сомдор айланып, бирок чыгым улам өсүп жатат. Энергетикадагы акча кайда кетип жатат жана бул жоготуулар үчүн ким жооп берет? Тармакты реформалоо тууралуу сөздөрдүн артында так эсеп, ачыктык жана жоопкерчилик болушу керек. Анткени миллиарддаган сомдук чыгым, жөн гана статистика эмес, өлкөнүн энергетикалык келечегине байланышкан олуттуу коңгуроо.