www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо мөөрөй талашуу үчүн жаңы түзүлө турган партия, СДПК, «Ата-Мекен», Бабановдон «Республика», Ташиевден «Ата-Журт» жана башка партиялар болушу күтүлөт.  2020-жылы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясы өз алдынча аттана турганы расмий жарыяланды. Буга чейин ал Ош шаарынын шайлоосуна тырбалаңдап жалгыз аттанган. Мурунку 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жарым миллиард доллар акчасын партиянын өтүшү үчүн бергендер алдыга умтулган партияда тизменин алдына жазылышар.

Эмки шайлоодо тизменин алдына чыгыш үчүн нарктын ставкасы мындан да көтөрүлөт. Партиянын жол башчысы менен тил табыша албай өз алдынча партия түзүшкөндөр Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев сыяктуулар өз катарына көптөгөн партия, саясий ишмерлерди кошуп биригет. Ал эми эч нерсе бербей тилинин көркү менен депутат болгон Дастан Бекешов сыяктуу депутаттар мурунку парламентке келген партиялардын тизмесинен чийилет. Ошол үчүн алар келечекти алдын-ала сезишип, башка партиялар менен «жең ичинен» сүйлөшүү жолуна түшөт. Ал эми мекенибиздин бурч-бурчуна өз кишилерин коюп, көптөгөн майда – партияларды катарына кошкон жаңы партиялар өсүп чыгат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости