www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери улантылып жатат. 17-майда Казакстандын жардамы менен Бишкек шаарына 5 кыргыз жараны Иорданиядан алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекенге кайткан жарандар чартердик каттам менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келишти. Андан кийин алар атайын транспорт менен Бишкекке алып келинди.

“5 жаран тең обсервацияга жайгаштырылды. Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жүргөн мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча маршрут издөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости