www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“7-апрель” көчөсүндөгү (мурдакы “Алматы” көчөсү) “Медиа-Форумдун” имараты биздин ачык акционердик коомго таандык болуп келген, азыр да таандык, башка юридикалык тараптарга, анын ичинде, бир катар ЖМКда айтылган “НПФ Форум” ЖЧКга  тиешеси болгон эмес, азыр да тиешеси жок, - деп билдирди “Медиа Форум” ачык акционердик коомунун башкы директору Адилет Жумалиев “Азаттык” радиосунун суроосуна, - “Атамбаев “Форумду” сатты деген имиштер чагымчылдыкка жатат. “НПФ Форум” ЖЧКдагы менчик ээсинин алмашышы бизге да, имаратка да, биздин башка активдерибизге да эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу КСДПнын басма-сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Бул макалалардын артында кимдер турганы бизге белгилүү. Алар азыркы кырдаалды эң сонун түшүнүп турушат жана адамдардын башын атайын айландырышууда.

Маалымат иретинде:  “Медиа-Форум” ААКсы 1992 –жылы түзүлгөн, Бишкек ш. “7-апрель” көчөсү,  4-Б дареги боюнча жайгашкан, ачык акционердик коом болуп саналат. 187 адам акционер болуп эсептелет. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевдин жубайы - Р. М. Атамбаева да бар.  Акционерлердин (менчик ээлеринин) реестриндеги акыркы өзгөртүүлөр 2009-жылы катталган.

КРнын Юстиция министрлигинин маалыматтар базасына ылайык, “НПФ Форум” ЖЧКсы 1998-жылы түзүлгөн. Компания жана анын мүлкү Бишкек шаарында, таптакыр башка юридикалык дарек боюнча жайгашкан. Аталган ЖЧКнын бирден бир ээлик кылуучусу болуп жакынкы мезгилге чейин А.Ш. Атамбаев эсептелген, бирок ушул жылы “НПФ Форум” ЖЧКсы башка адамга сатылган.      

“Медиа-Форум” ААКсынын жана “НПФ Форум” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү өндүрүштүк, же башка бир да чөйрөдө кесилишпейт.  

Эске сала кетсек буга чейин,  "Хамелеондор парады - 1: Шылуундар менен "койлорду" миң сом байланыштырат"  деген макала жарыяланган эле.  Төмөнкү шилтемеде;  http://www.nazarnews.kg/news/23870 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости