www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Петропавловск шаарындагы мектепте 9-класстын окуучусунун кол салуусунан үч окуучу жаракат алды. Ал ашкана бычагы жана балта менен куралданган. Бул тууралуу Петропавловск.news жазды.

Маалыматка ылайык, кол салуудан 9-класстын бир окуучусу жана онунчу класстын эки окуучусу жабыркаган. Экөө башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен аймактык балдар ооруканасына жаткырылды. Үчүнчүсүнө жеринде жардам көрсөтүлдү. Балдардын абалы туруктуу деп бааланууда.

«Окуучулардын сумкалары тинтилген эмес. Кол салган окуучу дааратканага кирип, бычак, балта менен чыккан. Башка маалыматтар айтыла элек», — деп билдирди «Казинформ» агенттигине билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назир Жашыбеков.

Өспүрүм кармалып, алдын ала маалымат боюнча, ал психиатриялык көзөмөлдө.

Учурда "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Анын аракетине жана мектеп жетекчилигинин аракетине сотко чейинки териштирүүнүн алкагында юридикалык баа берилет», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Мектепте тергөөчүлөр иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости