www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Димаш

 Айтылуу Жөжө акын да Димаштын түпкү теги сыяктуу Жайыл кыргыны учурунда казактарга колго түшүп зордук менен көчүрүлүп кеткен кыргыздардан. Жайыл кыргынында туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат менен азыркыга чейин Казакстанда турушат. Жөжөнүн атасы Каржабай Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунан. Каржабай Абылайхандын учурунда баскынчылык чабуулунда казактарга колго түшүп кеткен. Жөжө ошол казак жеринде туулуп, ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган. Эр жеткенче башынан көп кыйынчылыктарды кечирип, көп кордук көргөн. Түбү кыргыз Жөжө өз мезгилиндеги акындардын алды болуп, казактын он жети акыны менен айтышып, баарын жеңген. Ошондо арданган казак төкмөлөрү бир кыргызга ушунча казак жете албайбызбы деп арданышкан. Казак, кыргыз элиндеги айтыш өнөрүнүн албаны болгон. Жөжө акын кыргыз элин, жерин сагынып, кыргыз жерине келген. Арийне, Жөжө казак жерине кайтып кетип, ал жактан каза болгон.

 Димаштын ата-теги да ошол 1780-жылы Абылай хан айдап кеткен кыргыздардын тукуму экенин өзү айтып жүрөт. Болбосо ани ким билет эле. Чүй аймагында болуп өткөн кандуу окуя али аягы бүтпөй отурат. Казактар ата-тегин сүрүп отурушуп булар кыргыздар экенин билишип тымызын кара пиарларын уюштуруп жатышат. Калмактардан өз жерин алган соң кыргыз жерине көз артышып казактардын Сан Барак, Бердикожо, Канкожо төрөлөр жана Абылай хан бир нече ирет кыргыздарга жортуулдарды уюштурушкан. Димаш менен Жөжө кыргыздан чыккан, бирок казакташып кеткен.

Дөөлөт

Кыргыз менен тектеш элдерде, айрыкча казак менен маданий жана адабий мурастарыбыз, бир болуп келатат: Баласагын, Кашгари, Фараби, көк бөрү, кара жорго, боз үй сыяктуу. Биз менен жармакташ келаткан казак эли бир убакта “Манас” эпосу бизге да тиешелүү деп талашкан экен. Ошондо казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов чыгып: “Баурдастар, “Манас” кыргыздыкы, “Манас” биздики деп талаша турган болсоңор, кана казак элинде бир манасчы барбы? “ –деп казактардын жаагын жап кылып, Манасты кыргыз элине ыйгарыптыр. Эгер Дөөлөткө окшогон манасчыларыбыз “Манас” айта алышпаса, анда кантип талашат элек? Башкысы Дөөлөткө окшогон манасчыларыбызга сыймыктанышыбыз керек. “Манас” эпосун ал Гиннестин рекорддор китебине кийирген жатса, Карганбек Самаков “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине кошуп, келечек кыргыздарга даңгыр жол чаап берди.

1950-жылдардын ортосунда атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен менин атам бир бөлмөдө курортто дарыланып калышат. Айтып калчу эле жарыктык, жаңы барганда Саякбай Каралаевди ар ким чакырып, күнү-түнү жок болуп эл кыдырып жүрдү. Аяктап калганда чакыргандар бүттүбү, томсоруп эле бөлмөдө отуруп калды. Ушундай күндөрдүн биринде, эшикке чыксам бир “Волга” токтоп, ичинен салабаттуу адам чыгып, Саякбай Каралаевди издей баштады, мен жетип барып, азыр чакырып келейин деп, ээрчитип келдим. Экөө жашып, далайга кучакташып турушту. Көрсө, ал ааламды баш ийдирген атактуу жазуучу Мухтар Ауэзов экен. Ал белгилүү манасчы Саякбай Каралаевди урматтап атайын учурашканы келиптир деп. Ошол бойдон атам шаарга барган сайын “Дзержинский бульварынанда” турган Саякбай Каралаев көзү өткүчө барып учурашып турчу экен.

Кыргыз элинде эмне деген манасчылар чыкпады Найманбай, Акылбек, Саякбай, Сагынбай ошолордун изин суутпай Дөөлөт кыргыздын намысына жарап, дүйнөгө Манастын атын даңазалалап жаткан манасчы. 2020-жылдын 12-ноябры – Бүткүл дүйнөлүк рекорддор күнү. Кыргыз дөөлөтү Манас болсо, Манастын дөөлөтү –Дөөлөт. Мына ушу күнү манасчылык өнөрдү аздектеп келген манасчы Гиннестин рекорддор китебине катталуу аракетин кылды. Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айткан. Дөөлөт Сыдыков “Башканы коюп Манасты айт” сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракесинде — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл орусиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Дөөлөт Сыдыковдун ысымы ошол күнү эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду. Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя дүйнө тарыхында алгачкы ирет болду.

Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн. Дүйнөгө “Манас” айтуу менен кыргызды тааныткан Дөөлөттүн аты, Гиннестин рекорддор китебине алтын тамгалар менен жазылып калса кыргыз эли сыймыктанар эле.

Мамбет Мамакеев

Хирургдардын атасы, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 30 миң операция жасаганы үчүн Гиннес рекорддор китебине кирген. Белгилей кетсек даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтаптарга шыпаа берген Мамбет Мамакеев 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаганы бар. Чарчап кеткен учурда операцияларды креслого отуруп алып жасайт. Күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтап колунан өтөт. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Үсөн Кудайбергенов

Үсөн Кудайбергенов Кудайбергенов 1980-жылдардын башында «Генийдин өспүрүм кези» фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген. Ал 1949-жылы Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Жетиген уруусунан. Жаш талант 19 жашында «Жамийла» көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Орусия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан.

1995-жылы өлкөдө «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. 2000-жылы ага каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен.

Жеке жашоосунда министр Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына баш кошуп, жубайлар бир кыздуу болушкан. Экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп эки уулдуу болгон. 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы коргоо ишинин башында турган. Ошол кезде Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн.

Чыңгыз

Чыңгыз Айтматов 1928 - жылы Талас облусунун Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишинин уулу болгон. Атасы адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938 -жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы - Керез Шамшыбаева болгон. Керез апа Бишкектеги Медицина институтун, анын ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун кенселдерин айыктыруу жаатындагы адис болгон. Чыңгыздан 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар деген уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын ортосунда ал кездеги партиянын ыкмасы менен Чыңгыз экөө тынч ажырашкан. Ал кезде эки аял алууга мүмкүн эмес болчу. Керез апа узакка шок болуп жүрүп,аргасыз тагдырына моюн сунган. Өмүрүнүн соңуна чейин Чыңгызга каршы пикир айтпастан, инсандын аруулугун, улуулугун көрсөткөн. Керез апа өткөн кылымдын аягында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Саякбай

1896-жылы Ысык-Көлдө туулган. «Манас» эпосунун Саякбайдыкы боюнча жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң. .Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.

Махмуд Кашгари

Ысык-Көлдүн Барскоон шаарында 1029-жылы туулган. 1072-1077-жылдары "Диван лугат-ат-түрк" - "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" эмгегин жазган. Багдад менен Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий байланышынын бир өрнөгү – дал ушул «Диван лугат ат-турк» эмгеги.

Жусуп Баласагын

1016 жылы Токмокко жакын Баласагында туулган. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка "Кутадгу билим" (Кут алчу билим) аркылуу таанылган.

Ли Бо

701 –жылы азыркы Токмок шаарынын жанында туулган. 900дөн ашуун лирикалык ырлары бизге жеткен, анын ичинде «Байыркы» циклинде, элдик ырлар жанрындагы ырларында, ыргактуу прозасында , төрт саптык бир шилтемдеринде конфуцийлик рационализм даосизмге мүнөздүү жаратылыш менен жуурулушуу мотивдери менен айкалышкан. Дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырлары элге жана аялдардын оор турмушуна жан тартууга, арналган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости