www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк мезгили 2026-жылга чейин созулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов билдирди.
Анын айтымында, активдүүлүк мезгили 2008-жылы Нура айылында катталган 8 баллдык жер титирөөдөн башталган. Анда зилзаланын кесепетинен 75 адам каза тапкан. Сейсмикалык активдүүлүк мезгили 2026-жылы аяктайт, тактап айтканда, дагы 2-3 жылга созулат.
“Нура айылындагы жердин силкинүүсүнөн соң, дагы бир нече жолу жер титиреген, алардын күчү очогунда 4-5 баллга жеткен. Сейсмикалык активдүү мезгил олуттуу кесепеттерге алып келген жердин силкинүүсү менен коштолбойт деп үмүттөнөм. Ал эми 2026-жылдан кийин тектоникалык тыныгуу мезгилине келебиз”, - деди ал.
Булак: NazarNews.kg