www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал, вирустун жайылышын бөгөттөө, өзгөчө абалда жумушка тартылган медицина жана башка  тийиштүү органдардын кызматкерлерине  кошумча кепилдиктер жана компенсацияларды белгилөө боюнча парламентте маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев элди массалык түрдө текшерип, акырындап ишканалардын ишин жандандыруу зарылчылыгына токтолду.  Ошондой эле депутат  саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик лабораторияларга анализ жүргүзүүгө уруксат бербей жатканына нааразылык билдирди. “Биз өзүбүздүн кызматкерлерди өзүбүздүн каражатыбыз менен текшертип, жумушту баштай берели деп көптөгөн ишканалардын жетекчилери кайрылып жатышат. Жогорку Кеңеш дагы 1-апрелде жеке менчик лабораторияларга мүмкүнчүлүк берилсин деп токтом чыгарып берген.  Эми 1-2-категория   деген ар кандай шылтоолор менен уруксат бербей жатасыңар. Буга чейин мындай  нерселерге коррупциялык жолдор менен уруксат берилип келген. Бул жерде өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе болуп жатат. Эгер өлүм көбөйүп кетсе, министр сизге да кылмыш иши ачылып калышы мүмкүн”, -деп эскертти депутат Абдывахап Нурбаев.

Өкмөт өкүлдөрү COVID-19 чума жана холера сыяктуу өтө коркунучтуу оору болгондуктан, лабораториялар үчүн да талап ошончолук жогору деп түшүндүрдү. Саламаттык сактоо министринин айтымында ушул тапта жалгыз гана Бонецкий лабораториясы кызматташууга келген. “Бизге башка бир да лаборатория кайрылган жок. Бир гана Бонецкий келди, биз аларга жай бердик. Аппараттарын жайгаштырып жакын арада иштеп башташат”,- деди Саламаттык сактоо министри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости