www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Абылгазиев кыргыз өкмөтүнүн тарыхындагы эң алсыз, чабал жетекчи катары калат, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.
Буга дейре мынчалык экономиканы өлтүргөн мажүрөө, иштин көзүн билбеген чечкинсиз, өтүмү, аброю жок өкмөт башчысы болгон эмес. "Түкүрүк өкмөт" деген ат жөн коюлбаптыр. "Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман" дегендей, Жогорку Кеңеште уялбастан: "Быйыл бюджетке айып пулдан 1,5 миллиард сом түшөт деп бекитилген. Бирок андай болгон жок. Жарандарыбыз биз ойлогондой эреже бузуучулардан эмес экен" - деп каңырык түтөтүп отурат.
Бюджетти толтургандын жолун таппай, өз элинин жонунан кайыш тилип казына толтургусу келген адамдан жакшылык күтүп болобу? "Коопсуз шаар" долбоору жарандардын коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын азайтуу максатында эмес, элдин чөнтөгүн аңдыган коммерциялык долбоор экенин өзү ачыкка чыгарды. Ошол үчүн айып пулдар асманды чапчып, ылдыйлатпай жатышат. Ал аз келгенсип, аброю жок үчүн ЕАЭБ сырттан кирчү машинага салынчу бажы төлөмүн төмөндөтпөйбүз деп, Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты. Отурат эми таш тиштегенсип. Минтип элдин шоруна калбай кетип калса болмок...
Булак: NazarNews.kg