www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты.
МинКаб башчысы өз сөзүндө «Тамчы» долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн өтө маанилүү стратегиялык кадам экенин баса белгиледи. Түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш.
Адылбек Касымалиев долбоор Ысык-Көл аймагынын потенциалына ылайыкташтырылган алдыңкы финансы борборлорунун дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларына негизделгенин белгиледи. Аймактын негизги артыкчылыгы инвесторлор үчүн түшүнүктүү, туруктуу жана жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү болот.
«Тамчы» АФИА долбоорунун негизги параметрлери:
• 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландаштырылууда. Аймак ишкердик, логистикалык (аэропортко жакын) жана рекреациялык зоналарга бөлүнөт.
• Бизнестин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн англис укугунун принциптеринде иштеген талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт.
• Аймактын резиденттери 49 жылга чейин салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуусу менен иш жүргүзүү укугу каралган.
• 100 гектардан ашык аянтта 2035-жылга чейин жыл сайын 90 миңге чейин турист агымы күтүлгөн масштабдуу инфраструктура түзүлөт.
Ачылыш аземди жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык ийгиликтерине токтолуп, «Тамчы» өсүштүн рекорддук көрсөткүчтөрү фонунда ишке киргизилип жатканын белгиледи.
«Кыргыз Республикасы инвесторлор үчүн ачык. Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу колдоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздайбыз. Сиздердин ийгилигиңиздер – бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасы жогорку темптерди көрсөтүүдө: 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1%ды түздү, ал эми акыркы төрт жылдагы орточо реалдуу өсүш 10,2%га жетти. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы импульс берүүчү фактор болуп калат. Урматтуу инвесторлор, бакубаттуулуктун негизи – биримдикте. Келиңиздер, биргеликте ийгиликтерге жетишели. «Тамчыга» кош келиңиздер!» – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.