www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аял затынын укугун коргоп, зордук-зомбулуктун алдын-алуу максатында “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчилери Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс-Ордо, Көлмө жаңы конуштарына атайын тренингдерди өткөрүп, аталган конуштун тургундарына сабак өтүштү. Үч ай бою жаңы конуштарда жүргүзүлгөн тренингдин жыйынтыктары боюнча “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчилери атайын жыйын өткөрүп, кеңири маалымат беришти.
Бакен Досалиева, “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчиси:
--Өзүңүздөр көрүп жаткандай коомдо акыркы учурларда аял затына зордук-зомбулук күчөп, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан ажырашуулар көп болуп жатат. Ажырашууга кайнене менен келиндин ортодогу мамилеси да себеп болууда. Андыктан биз мындай терс көрүнүштөргө кайдыгер карабастан ар бирибиз өз салымыбызды кошсок дейм. Ал үчүн атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элге кеңири маалымат берүүдөбүз. Бул тренингдин алкагында сабак алган катышуучулар өз ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Демек, биз максатыбызга жетүүдөбүз. Биздин уюм 1996-жылы түзүлгөн, негиздөөчүсү Роза Айтматова. Ал киши коомдогу аял затына болгон зордук-зомбулукту көрүп, “укуктук жактан кандай жардам көргөзсөм болот?” деген суроонун үстүндө ойлонуп жүрүп, 1995-жылы “Пекин+5” деген Эл аралык конференцияга биздин мамлекеттик делегациянын курамында барып келгенден кийин ушул уюмду ачып, иштеп баштаган. Ошол жылдан тарта аялдардын укугун коргоп келе жатабыз.
Миргүл Мамбеткеримова, “Мурас Ордо” конушунун кварталдык комитети:
--Аялдарды коргоо боюнча тренингдердин таасири күчтүү. Бул жерде тең укуктуулукту үйрөтөт. Бизде “аял менен эркектин укугу бирдей болбошу керек, биздин менталитетке туура келбейт” деген түшүнүк бар. Бирок, азыр заман талабына ылайык аялдар менен эркектердин ортосунда тең укуктуулук пайда болууда. Үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн кур намысты жыйыштырып коюуу керек. Жер-жерлерде ушундай тренингдер өткөрүлүп, элге кеңири маалымат берилсе ажырашуунун да саны азаймак. Мен бул семинарлар боюнча Ошко чейин барып катышып келдим. Ар кайсыл конуштардын кварталдык комиттетерине бүгүнкү күндө бизге керектүү эң негизги сабактар жеткиликтүү өткөрүлдү. Эми жалпы жаңы конуштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Мундусова Жумагүл, “Калыс-Ордо” конушунун кварталдык комитети:
--Азыр ажырашуунун көп болуп жатканын бирден бир себеби кайнене менен келиндин келишпестиги. Бири-бирин түшүнбөстүк, атаандаштык дегендей. Кайнене менен келиндин ымаласы келишпесе ортодо жолдошу чайналып, уруш-талаш чыгып үй-бүлө урап жатат. Андыктан ар ким өз ордун билиш керек. “Аялдарды колдоо борбору” өткөрүп жаткан тренингдерге ыраазычылык билдирем. Жеке эле жаштарга эмес, кайненелерге да турмушта керектүү, таасирдүү сабактар өткөрүлдү. “Бир үй-бүлөнүн бузулушу бир шаардын кыйрашына барабар” дегендей чымчыктында уясы бузулбасын! Мамлекетибиз өнүгүп-өсүп, ажырашуу, аялдарга карата зордук-зомбулук токтоп, бейпил тынч өлкөдө жашасак дейм. Бизди карап түзөнгөн жаштарга татыктуу үлгү көрсөтүп, кийинки муунга туура тарбия берүүгө умтулалы.
Кенжебек Иманкулов, жергиликтүү аймактык башкаруунун жетекчиси:
--“Аялдарды колдоо борбору” десе эле көпчүлүгүбүз аялдарга гана тиешелүү деп кайдыгер мамиле кылышыбыз мүмкүн. Бирок, үй-бүлөнүн тынчтыгы, балдардын келечеги, мамлекеттин өнүп - өсүүсүнө баарыбыз өз салымыбызды кошушубуз керек. Бул тренингдерге катышуу менен башкаларга да жардамым тийүүдө. Мисалы, өткөндө биздин конуштан бир үй-бүлө түшүнбөстүктөн улам катуу чырдашып жаткан экен. Тренингден алган сабагымды алар менен бөлүшүп, кошумча биз өтүп жаткан программаны берип келгем. Кадимкидей ошондон таасирленип, ынтымакташып калышты. Өзөгөчө мырзалар аял затын сыйлап, кур намыска алдырбай аларды колдоого, түшүнүүгө аракет кылалы. “Аялсыз эрдин көркү жок” деген кеп бекеринен айтылбаса керек.
Булак: NazarNews.kg