www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инфляциянын ит жетпес күлүктүгүнө карабай, акыркы жылдары айлыкты көтөрүүнү унутуп калганбыз. Айлык көтөрүлгөндө төрөлгөн ымыркайлар мектептин экинчи классында окуп калышты. Эмнеге айлык акы мурун көтөрүлгөн жок? Анткени, мамлекетти башкарып жаткан бийлик эгеси жана анын айлана-чөйрөсү ток, чет мамлекеттен келген насыя акчаларды каалашынча калчап чалчактап жатышкан да, көпчүлүк элдин айлыгы менен кимдин иши бар эле.

“Жээнбеков берген байталды, Жээнбаева кайта алды” - болбойлу. Анткени Абылгазиев менен Жээнбаева айлык көтөрүп коюшуп салыктарды көбөйтүп, инфляция менен теңеп коюшкусу келип жатат.

Президентке талапкер Сооронбай Жээнбековдун көптөгөн жакшы убадаларынын бири бюджеттегилердин айлык акысын мезгил-мезгили менен көтөрүп туруу болгон.  Бул элге берген убадасы ишке ашып, 1-октябрдан баштап мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт? Муну чыдамсыздык менен канча мезгилден бери күтүп келгендер, бул боюнча өкмөттүн долбооруна качан  кол коюлат деп турушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости