www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, бирөөнүн артынан жаман сөз жазмак турсун, жаман сөз айткан туура эмес. Бирок, эл ишенген чниовниктер жана алардын караанында иштеп жүргөндөрдүн кээ бир сыйды көтөрө албаган кызматчылар, айтпай турган сөздү, ооздон  өздөрү алып чыкканы бул туура эмес көрүнүш.

Кечээ жакында бир орто жаштан өтүп эле калган аял маршуруткага түшүп:

-Ай, бала, жол киренин баасы канча?-деп сурап калды. Мен аны жалт карап дароо эле минтип айттым. Айтпаска чара да жок калды:

-Эже, эмне айдан түштүңүзбү же башка жакта көп жылдан бери жашап келдиңизби? Канча жылдан бери эле он сом төлөйбүз го?-десем тиги аял үнүн башкача чыгарып:

-Мен ак үйдө иштейм. Дайыма рульда жүрүп бааны деле билбейм-деп, тим эле өзүн ак сөөктөй көргөзүп айтканы кыжырды келтирди. Башка өлкөнүн чоң кызматта иштеген чоңдору маршуруткага түшпөсө дагы, жол кире канча экенин билишет. Азыр деген “интернет” деген неме бар, баарынан кабар берип турган. Бул эми тиги ак үйдө иштеген аялдын, элдин кандай жашоодо жашап  жатканына кызыкпаганынан белги берип койду.

Айланайын ак үйдөгү кызматкерлер, жок дегенде жол кире канча экенин билип алгылачы, уят кылбай.  Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, өздү эмес, элди ойлосун деп силерге ал кызматты ишенип берген. Андыктан, анда-санда элге аралашып, автобустарга деле түшүп койчсоңуздар жакшы болот эле, көкөлөп жүрө бербей.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости