www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов менен Акан Иманов үгүт иштеринин алкагында Кемин шаарынын эли менен жолугушту.
Талапкер Акан Имановдун айтымында, айыл жергесиндеги иштетилбей турган, асылдуулугу төмөн жерлерди узак мөөнөттөгү ижарага бериш керек.
“Калктын 60 пайызы элет жеринде жашап, көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет. Дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү зарыл. Кээ бир учурда айрым аткаминерлер дыйкандар үчүн берилген жеңилдетилген насыяны өздөрүнүн бизнесине жумшоодо. Карапайым калкка насыянын 20 пайызын гана берип, калганын жеке жумуштарына колдонуп жатышат”, - деди А.Иманов.
Талапкер бул маселеге чекит коюуга убакыт келди деп эсептейт.
“Элеттиктердин бакубатчылыгы, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек. Дыйкандардын өнүмдөрүн кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу менен элеттиктердин негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле, дыйкандарга үрөн жана жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү – элеттиктердин ишин илгерилетет”, - деди А. Иманов.