www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде  жаштар арасында  ажырашуу көбөйүүдө. Жергиликтүү  аксакал, кары -картаңдар мамлекет  үй-бүлөө институтун  бекемдөө  чараларын  көрүшү керек  деп эсептешет. Жаштар  арасында үй-бүлөө баалуулуктарын  аздектегендер азайып  жатканына  алар кабатыр.

Адистер башкы себебин  социалдык-экономикалык абал менен байланыштырышууда. Жумушсуздук,  каражат тартыштыгы  түшүнбөстүктөрдү жаратып, үй-бүлөөнү  бузуп жаткан  башкы себеп деп эсептешет. Ажырашуу менен катар, бала-бакырасын, аялын, ата-энесине таштап  иш издеп кеткендер көбөйүүдө.

Орозгүл апа бир уулунун  5 баласын 5 жыл баккан. Эми дагы бир уулу Россияга жумуш  издеп кеткенине  бир жыл болду. Жакында артынан келини да жөнөгөн. Уул келини ар кайсы  жакта аргасыздан  жүргөнүн айтып кейийт. Орозгүл апа Баткенде кары-картаңдар гана калып жаштар аз болсо, аймак кантип  өнүгөт  деп  капа.

“Уулум Баткенде жасабаган иши калган  жок. Курулушта иштеди, алган акчасы  жетпейт. Соода кылып, жер иштетейин деп көрдү, ага  да кеңири каражат болбосо   пайда жок. Биз деле уул-келиндин чайын ичип, алар жаныбызда  болушун каалайбыз. Айла жоктун амалы. Жумуш табуу кыйын Ошон үчүн жаштардын баары кетип  жатат”, – деп билдирди Баткен шаарынын тургуну  Орозгүл Эсенова.

КР Өкмөтүнө караштуу миграция  кызматынын  басма-сөз катчысы  Айсулуу Исабекованын  айтымында  быйыл  жыл башынан  бери үч ай ичинде  Баткенден Россияга  75 киши кеткен.  Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу  көп.  2016-жылы  үч ай  ичинде  59 киши Россияга  жумуш  издеп барган.

Сыртта  иштеп  кайра мекенине  кайткандар  деле акчасын кантип  пайдалуу  сарптоо керектигин билбейт. Карыз, кредиттерин төлөп же  той-топур өткөрүп  акчасы  түгөнгөн  соң баякыдай отуруп калышат. Аймактагы  жаштарга, каражатты  туура  сарптоо. Пайда  алып келчү иш ачып аны өнүктүрүү, орто жана чакан бизнести жолго салуу чаралары  үйрөтүлүшү керек. 

“Баткенде  жаштар менен эч ким иштебейт. Мисалы, Россияга  барып  акча таап  келишет, кайра  той берип дагы башка ыксыз чыгым кылып болгон каражатын коротуп, баягы кейпин кийип отуруп калышат. Биз  “Баткен жаштары” коомдук бирикмесин түзүп, жаштарга өзүн өзү өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу  түшундүрүп, деңгээлин көтөрүүнү максат кылып жатабыз” – деп Баткен шаарынын тургуну Азамат Төрөбай уулу ой бөлүштү.

Булак: "5news.kg"

Последние новости