www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чечен лидерине таандык бир катар компаниялар АКШнын "Магнитский акты" деп аталган санкциялар тизмесине киргизилди. Ага "Ахмат"деп аталган футбол жана күрөш клубдары, чечен президентинин атасы Ахмат Кадыров атындагы фонд кирди.
Мындан тышкары "Мегастройинвест", "Чечен минерал суулары", Absolute Championship Akhmat компаниялары да тизмени толуктады. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы 10-декабрда билдирди.
Быйыл 20-июлда Кошмо Штаттар адам укуктарын олуттуу бузган деген негизде Рамзан Кадыровго карата дагы бир санкция салган. Кадыров ал кезде Вашингтондун чечимин адилетсиз деп сындаган.
Санкциялар чечен лидеринин аялы Медни Кадырова, анын кыздары Айшат менен Каринага да тиешелүү. Алардын АКШга киришине, иш боюнча байланыш түзүүгө, активдерди калтырууга тыюу салынган. Ага чейин Кадыровго карата экономикалык санкция киргизилген.
Маалымат үчүн, "Магнитский актына" киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет.
Булак: NazarNews.kg