www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда коронавирус биринчи жолу адамдан адамга жукту

АКШда жаңы типтеги коронавирустун биринчи жолу адамдан адамга жуккандыгы жөнүндө маалыматтар тарады. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар жазып чыкты.

Маалыматта АКШдагы Ооруларды көзөмөлдөө жана чара көрүү борбору, Кытайдын Ухань шаарынан өзү жашаган Чикагого барган бир аялдын вирусту жолдошуна да жугузгандыгын кабарлады.

Акыркы оорулуу менен бирге АКШда короновирусту жуктурган адамдардын саны 6га жетти. Жетекчилер 5 оорулуунун вирусту Кытайга сапарында жугузгандыгын, акыркы оорулуу болсо Кытайдан келген жубайынан жуктурганын айтышты.

Бул вирус Иллинойстон тышкары АКШда ушул учурга чейин Аризона, Түштүк Калифорния жана Вашингтон штаттарында катталды.

Эске салсак, Ухань шаарында чыккан коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 10 миңге жакындап, анын ичинен 213 киши каза тапты. Мындан сырткары, аталган виурс 18 өлкөгө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости