www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Багдаддагы элчилигине урулган реактивдүү снаряддын соккусунан улам бир нече киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, "ушул ирмемдерде ал жерде тик учактар элчиликтин имаратынан элди алып чыгып жатат".
Мындан мурда "Аль-Арабия" коопсуздук кызматындагы маалымат булактары АКШнын элчилигине үч ракета түшкөндүгүн, анын бири дипломатиялык миссиянын ресторанына тийгендигин кабарлаган.
Жакынкы чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта башталган.
Анда ирандык Генерал Касем Сулеймани каза тапкан. Мындан улам миңдеген ирандыктар митингге чыгышып, Ирандын өкмөтү Иран аскердик иерархиясында маанилүү орундагы генералдын өлүмү үчүн Америкадан өч алууну убада берген.
Американын бул кадамынын кесепетинен 10 киши каза таап, анын ичинде Сулейманиден сырткары Ирак куралдуу күчтөрүнүн орун басары да бар болгон.
Белгилей кетсек, 8-январда Ирандын Сакчылар корпусунун атайын багыттагы "Кудс" аскер бөлүгү Ирактагы АКШнын аскердик авиабазасына сокку урган. Муну алар өз моюнуна алып, “генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу” деп аташкан.
Булак:NazarNews.kg