www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоону утурлай учурда төрт-беш пакты талапкер болчулардын штабдары иштеп жатат. Айрым серепчилер жада калса "баланчанын офисине келген адам жок, а мунукунда адам жайнайт, демек шансы күчтүү”- деп да көзү ачыктык кылып жатышпайбы.

Мына ошондой штабдарда олтургандар үчүн күтүүсүз жерден Алай эли колдоого алып, Ахматбек Келдибековдун ажолук жарышка аттанып чыгышы "переполох” жаратты.

Туш-туштан “эмнеге чыгат экен ия?!”- деген таң калуу көндүм көрүнүш болду го өткөн жума. Бул катардагы ичи тардык эмей эмне? Дагы бир потенциалы арбын, салмактуу, эл колдогон саясатчынын талапкерлигин жылдырганы оюнча:"баары бир катыша албайт, соттолгонун жоюп алсынчы, жөн гана соодалашуу үчүн баштады муну”,- деген кеп ойлоп чыгышып, муну “пулдун” күчү менен дуулдатып, жаздыртпаган гезити же сайты калбады окшойт.

Анткен менен, Ахматбек Келдибековдун ишти катуу баштап, учурда республикабызга төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу адамдар анын штабына баш багышып, колдоо көрсөтүп жатканына караган­да, алайлык алп саясатчы аягына чейин күрөшчүдөй жана жеңип чыгуусуна терең ишенгендей.

Бир жагынан Камчыбек Ташиевдин жигиттик сөзүндө туруп, колдоо көрсөтүп, жанында жүргөнү да дем берүүдө. Жакында “Ата-Журт” партиясы курултай өткөзүп, Алай элинин ой-тилеги расмий бекемделип, А.Келдибеков “официально” талапкер катары учуп чыгаары кабарланды. Кызыктар али алдыда...

Булак: Майдан.кж

Последние новости