www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүндө жубайлардын чыры өлүм менен аяктады

Аламүдүн районунда чогуу жашаган жаранын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 26-декабрь күнү Таш-Дөбө айылында спирт ичимдигин ичип отурган 1972-жылы туулган Р.С менен анын жубайы 1973-жылы туулган Ж.О.нун ортосунда чыр чыккан. Чырдын кесепетинен эркек киши чогуу жашаган аялына бычак сайып, ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости