www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албек Ибраимовдун иши жабылган жок

Коррупциялык иши менен кайырмакка илинген «киттер» түрдүү айла-амалдар менен жоопкерчиликтен кутулганга жандалбастап жатканын билебиз. Кечээ күнү Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов кезектеги «трюктун» бирин жасап, «Күнөстүү жээк» пансионаты боюнча кылмыш ишти жаптырганга аракет кылды. Шанаңдаган адвокаты пансионат сатылган учурда Ибраимов «Дастан» ишканасында жетекчи болбогонун далил катары тартты эле, Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам алкагында карап, кылмыш ишин жабуудан баш тартты.

Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алганы, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргени жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп бергени боюнча айыпталып, иши иликтенүүдө.

Булак: «Мантыш»

Последние новости