www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы облусунда эки жаштагы эгиздердин энеси каза болду. Маркумдун жакындары аялдын өлүмүнө байланыштуу жардам сурап, «NemolchiKZ» фондуна кайрылышкан, деп билдирет Arasha.kz.
Фонддун социалдык тармактагы маалыматына караганда, каргашалуу окуядан бир нече күн мурун аял күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган. Алдын ала маалымат боюнча, 23-июлда жубайлардын ортосунда чыр чыгып, эркек аялын сабаган. Анын кесепетинен аялдын колу сынган.
Арадан үч күн өткөндөн кийин, 26-июлда аял өз жанын кыйган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.
«23-июлда күйөөсү аны сабап, колун сындырган. 26-июлда ал өз жанын кыйган. Азырынча расмий версия ушундай. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси — “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” боюнча тергелип жатат», — деп айтылат фонд тараткан маалыматта.
Маркумдун жакындарынын айтымында, аял болгон окуя тууралуу туугандарына дароо айта алган эмес. Алардын сөзүнө караганда, ал ата-энесин кабатыр кылгысы келбей, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр тууралуу унчукпай келген.
Учурда тергөө иштери уланууда.