www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чынын айтыш керек, бийлик үгүт ишине жакшы шарт түзүп берди. Албетте, акыркы күндөрдө оппозициялык маанайдагы лидерлерге карата кара пиарлар абдан көбөйдү. Ошондой болсо дагы, шайлоо маарасына чейин калыстык кармалды. Президент таза шайлоо боюнча тынымсыз билдирүү жасап, баш ийбегендерине чара көрдү. Эки күн мурун Садыр Жапаров Кеминге барганда дагы кескин пикирин билдирип: «Шайлоого ким кааласа катышып жатат. Оппозициясы, позициясы бар. «30 жылдан бери келаткан эски жүздөр, сайраган сагызган» — деп айтып жатасыңар. Эч кимисине бут тоскон жокпуз. Мурда бийликтин гана партиясына иштешчү. Оппозиция көчөдө калып аларга свет, залды, керек болсо көчөнү да берчү эмес. Анын баарын жок кылдык. Биз демократиялуу өлкөбүз» — деди. Биз ушул ойду улай, коомчулукка төмөндөгүдөй суроо салдык.
— Бийлик калыстыкты кармап, административдик ресурсту колдонгондорго чара көрүп, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берди. Эми шайлоо күнү капчыктуу адамдар эски илдет менен добуш сатып алууларды уюштуруп, таза шайлоо ураанына көө жаппайбы?
— Албетте, шайлоо күндөрү добуш сатып алууга аракеттер болот. Себеби, эл да, талапкерлер да ошого көнүп калышкан. Эки тарап үчүн тең бул бизнеске айланып калган да. Бир эле жылда андай бизнести жоюп коюш оңой эмес. Бирок, бийлик чын эле таза шайлоо өткөрүүгө ак ниетин билдирип жатат. Админстративдик ресурс бери дегенде 90% жоюлду болуш керек. Финансылык ресурс да азаят, себеби ал ресурс адмресурстун уландысы, шериги болуп келген. Форма № 2 жоюлушу эле добуш сатып алууну 30–40% азайтып коет. Эми талапкерлер бири-бирин көзөмөлдөш керек, мындан артык ыкма жок. Мыйзам боюнча депутаттыкка өтүп алгандарды дагы кийин мыйзам бузуулары аныкталса, мандатын жокко чыгарып койсо болот. Аны да унутпаш керек кээ бир көпкөн талапкерлер.
Булак: Жаңы Ордо гезити