www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Бейшеналиев:

Жогорку окуу жайлардын сапатын көтөрүү боюнча лаборатория, клиникалык база ачуу сыяктуу бир катар талаптар коюлууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, университеттерде билим берүүнүн стандарттарына, окутуунун сапатына өзгөртүүлөр киргизилүүдө. ЖОЖдор чет өлкөдөн мугалимдерди тарта баштады. Анын негизинде быйыл ЖОЖдордо жандануу бар.

«Бизде потенциал бар, бир аз сапатты көтөрүү менен Кыргызстан жок дегенде аймакта билим берүүнүн чордонуна айланууга мүмкүнчүлүгү бар», — дейт Бейшеналиев.

Ал маалымдагандай, сырттан студенттерди кабыл алуу кадимки тартипте жүргүзүлөт. Кыргызстанда 72 миң 129 чет элдик студент билим алат. Жалпысынан 220 миндей студент бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости