www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматованын сөөгү “Ала Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркум менен коштошуу зыйнаты Коомдук телерадиокорпорациянын имаратында өттү. Ага Саматованын жакындары, кесиптештери, жүздөгөн күйөрмандары катышты.
Кыргыздын сап башында турган телеалпаруучу, ди-джей, тамадалардын бири Салтанат Саматова узак убакыттан бери рак илдети менен күрөшүп келген.
Ал ММКлардын бирине маек берип жатып "Бул илдет менен күрөшүп келе жатканыма 7 жыл болду. Жыйынтыгы да ийгиликтүү болуп жатат. Башым дайыма ооруй берчү. Томографияга текшерткени барсак "жубайыңыз рак экен" деп ошол күнү эле дарыгер жолдошума айтыптыр. Ал болсо мага айткан эмес. Анда кызыбыз 5 айлык эле болчу. Жолдошум баланы мага көтөртпөй колумдан ала калып, мээримдүү болуп калды. Өзү эле камкор болчу, бирок ордумдан турсам тура калып, отурайын десем орун бошотуп, мамилесин кадимкидей өзгөрттү. 3 жума жашырып айтпай жүрдү. Өзү байкуш ичинен сызып, түн ичинде мага көрсөтпөй ыйлачу экен. Мени ээрчитип алып рентгенге, томографияга алып барып "дарыгерлер билбей жатат, таппай жатат" деп койду. Ооруга чалдыкканымды укканда "дарыланам, айыгам!" дегем. Себеби ракты өзүнө ишенген адам гана жеңе алат"- деп айткан эле...
Булак: NazarNews.kg