www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкарада каза болгон 21 жаштагы кыздын сөөгү жакын арада мекенине жөнөтүлөт. Акысыз жеткирүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын Кыргызстандын Анкарадагы консулу Чыңгыз Абдурахманов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, кыз 31-августта достору менен бассейнге барып эс алган. Кечинде үйгө келгенде жүрөгү токтоп калган. Кыздын апасы да Анкарада жашайт. Өлүмдүн так себеби аныктала элек, териштирүү жүрүүдө.

- Үйгө келгенде апасы менен жаңжалдашып, дары ичип алган, сыягы. Туугандары бизге келип кетишти. "Пегасус" компаниясы менен сүйлөштүм, сөөктү акысыз жеткиришет, - деди Абдурхаманов.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Көбү Стамбул, Анкара, Анталияда.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, 2017-жылы Түркиядан 15 "Жүк-200" келген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости