www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апанын карызы...

Кичинекей Асан, атасынын төлөй турган карыздарын эсептеп жатканын көрүп, бөлмөсүнө жүгүрүп кетет. Мен деле апама берген жардамдарым үчүн акча сураганга акым бар турбайбы деп ойлойт.
 

Эртеси апасы ашканага келип, үстөлдүн үстүнөн кагазга ирети менен жазылган эсеп таап алат. Ал кагазда мындай деп жазылган экен: 
Апасынын Асанга төлөй турган карыздары: 

Дүкөндөн быштактарды көтөрүп келгени үчүн -50 куруш. Каттарды почтого алып барып салып келгени үчүн -40 куруш. Апасына жакшы бала болуп бергени үчүн -60 куруш. Гүлдөргө суу куйганы үчүн -100 куруш. Баардыгы биригип -250 куруш. 

Апасы кагаздагы эсепти окугандан кийин Асанга эч нерсе дебейт. Кечинде Асан үстөлдүн үстүнөн 250 куруш көрүп, абдан кубанып, чөнтөгүнө салып алат. Акчанын жанында бир кагаз жаткан болот. 

Ал кагазда: Асандын апасына төлөй турган карызы деп жазылып, булар тизмеленген экен: 

10 жыл үйдө бактылуу жашагандыгы үчүн-эч нерсе, 10 жыл үйдөн жеген тамагы үчүн-эч нерсе. Ооруганда караганы, чыгымдары үчүн-эч нерсе. Жакшы бир апасы бар болгону үчүн-эч нерсе. Баардыгы биригип-эч нерсе. Кичинекей Асан кагазды окуп, абдан уялып, ыйлаган бойдон апасын кучактап алып кечирим сурайт да, 250 курушту апасынын чөнтөгүнө кайра салып коёт.

Булак: "kg.insan"

Последние новости