www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8- июль 18-августка чейин боло турган 40 күнгө созулган жай чилденин башталышы. Ушул күнү коңшулаш Тажикстан ал-абалдын өтө кооптуулугунан ОДКБдан (ЖККУ) жардам сурап «SOS» тревогасын кага баштады. Өмүр боюу курал кармап чоңоюшкан афгандык талибандар Тажикстандын чек арасына чейин келип миңдеген качкындар Афганистандын Бадахшан аймагынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна качып кирген. Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат. Тажикстан кырдаал ОДКБ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Алар түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгынан улам ОДКБны жардамга чакырып жатат. Ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. 2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган.
Күндөн аптабы күчөп баратат.Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанда 40 гүрадус ысыктан өттү.Кыргыздар Ай менен Үркөрдүн биригүүсүн тогоол, ал эми тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай деп аташкан. Июнь айынын башталышында Үркөр таң алдында биринчи жолу чыгып, Ай-Үркөр жылы башталат. Бул айдагы тогоол таң алдында болуп, бир жылы көрүнүп, бир жылы көрүнбөгөндүктөн 1-ай “арсар ай” деп аталат. Азыркы мезгилде Үркөр горизонттон июнь айынын башталышында чыгат. Эсенбай эсепчинин заманынан бери бир жарым кылымдан ашык убакыт өттү, азыр Үркөр 10-июндан кийин көрүнөт. Ошондуктан, Ай-Үркөр жылынын башталышы 2-июнга туура келет. Бул ай арсар ай аталганынын себеби, Күн Үркөргө жакын жайгашкандыктан тогоол көрүнбөйт. Экинчи ай жаңыргандан 23 күндөн кийин тогоол болуп, “23 тогоол” деп аталат. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, ошондуктан “Кулжа айы” дейт.
Үркөр чыгыш тараптан көрүнгөндөн кийин өсүмдүктөр тез өсө баштаганы байкалат. Элдик табыптар ушул убактан баштап бейтаптарга кымыз ичиришкен эмес. Дан эгиндерин арпа, буудай, сулу Үркөр батканга чейин себишкен. Андан кийин себилген эгин бышпай, кар астында каларын жарыктык билген экен. Уламыш катары айтылып калган. Ал Кочкордун Күн-чыгыш жагында азыркы Ормонхан аймагында келатса бир топ адамдар эгин эгип жатышкан экен. Эсенбай эсепчи токтоп: “Ай балдар бир аз кечирээк сээп жатыпсыңар. Эми эгиниңердин түшкө чейин себилгени бышат, түштөн кийин себилгени бышпай калат” - деп бастырып кетет. Эсенбай эсепчини сынамакка ошол эгин сээп жаткандар белги коюп коюшат. Кызыгы эки тарап бирдей бышып баратып эле, түшкө чейинки себилгендер толук бышып, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир. Мына эсепчиликтин сыры кайсы убакта эгин себишти да билбесе болбойт экен.Үркөр баткандан кийин жүгөрү, таруу, конок, күрүч себилет. Ай жаңырган, толгон учурларда 2-3 күн мурда жана 2-3 күн кийин эч нерсе айдоого болбойт. Анткени бул учурда Ай фазасы алмаша турган күндөр болгондуктан, себилген үрөн чыкпай калаарын, же чыкса да аз гана түшүм берерин билишкен. Бул күндөрдү ай арасы же "арсар күн" деп аташкан. Ай арасы кандай болгонуна жараша кийинки ай, жыл кандай болоору баамдалган. 22-июнь эң кыска түн болот. Июндун 15 жарыгы «тамыз маалы», 15 караңгысы «кулжа тамыз маалы» аталат.
8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилде болот. Муну саратан жай деп да коюшат. Үркөр жылдыз жерге түшкөн күндөн баштап кырк күн бээнин сүтү табылгыс дары дешкен. Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул сөзсүз болуучу окуя. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калса, жай чилденин келгени. Эгерде, Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сүмбүлө жылдызы тууйт дешкен. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт. Илгери көпкөн эки жигит мелдеше кетет: “Кышкы чилдеге чыдаса болобу же жайкы чилдеге чыдоого болобу” – дешип. Биринчиси, кышкы чилдеде күнү-түнү туруп берген окшойт, ал чала өлүк болуп акыры аркы дүйнөгө кетиптир. Экинчиси, жайкы чилдеде туруп ошол эле жерден жан таслим болуптур. Чилде деген тамаша эмес. Жайкы аптаптуу чилде оор болгон. Бирок илгерки заманда кыргыздар жайлоого чыгып кетишип, аптаптын убайын көп тартпай калышкан. Ал эми жайлоого чыга албагандар жакада калышып ысыктын түйшүгүн тартышкан. Текеге карап да кандай жыл болорун аныктаса болот. Теке бештин айынын 20-нан 30-на чейин бийик зоолорго чыгып, аба ырайына карап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгерде, үйүргө эрте кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука айбан болгондуктан, бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан, кайберендерден эң кеч үйүргө кошулганы эчки, теке болушат. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болоордо 15 күн кеч жүгүрөт. Ушул айда төлдөйт, андыктан теке дейт. «Ай караган текедей» деген сөз бар кыргызда. Текелер айды эмес, жылдыздардын тогошууларын карашат. Ошого жараша келээрки жылдын жазы эрте же кеч келээрин – “моюну создугаарын” аныкташат. Ошого жараша куутту эрте, же кеч башташат. Бул – тукуму кырылып калбашы үчүн болгон алдын ала көрүлгөн туюмдун (инстинкт) негизинде көргөн камкордугу.
Июлдун 15 жарыгы «саратан тамыз маалы», 15 караңгысы «асат маалы» аталат. Июлдун 21 жаңысынан тогойт. Бирок, тогоол белгиси айкын болбойт.
Эсенбай эсепчи Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин билген. Малдын куутун да Үркөргө карата аныктаган. Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, Үркөр таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Жаңырган Айды карап туруп, Ай чалкалап жаңырса "өзүнө жайлуу, өзгөгө жайсыз" деген. Мындайда, эгер кыш болсо, анда өтө суук же бороон-чапкын, жай болсо абдан ысыктык (кургакчылык) же баш-аягы жок жаан-чачын күтүлгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg