www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада ЖК депутаты Арсланбек Малиев “Таблиги жамаат” уюмун, дааватчыларды тыюу демилгесин көтөрдү. Коллегалары арасынан динчил эки-үч депутат каяша кылымыш этип, бирок аргументтүү мисалдарын келтире алышкан жок. Тек гана караңгылыкка сүйрөмөй.

Учурда жүздөгөн жарандарыбыз үйбүлөлөрүн ачка ташташып, жер кыдырышып, чала угуп алган “жомокторун” божурап жүрүшөт. Убагында Чубак ажы да мындай чаласабаттыкты, балдарын, аялдарын бакпай таштап кеткен дааватчыларды урушчу, өзүнүн жол-жобосун айтып.

А бизде уурукескилер, түрмөдөн чыккандар, ичкиликке берилгендер, айтор, жашоодон ордун таппагандар көчөдө сандалып жүрүшөт да, туурабы? Ушул кантип болсун?

Андыктан, Арслан Малиевдин айтканын эп көрүп, дааватчыларды тыйыш керек. Мечиттер жайнап турат, мына ошол жердеги билимдүү молдолордон баян уга беришсин.

Динди булгагандарды, билимсиздерди токтотууга мезгил келди. Жакынкы мамлекеттерде, Россияда “Таблиги жамаатка”, дааватчыларга мамлекет тарабынан тыюу салынган. Алар коомго зыяндуулугун изилдеп, анализдеп көрүшүп, анан бир чечимге келип атышпайбы.

Биз да өнүккөн өлкөлөргө карап түздөнөлү. Илим, технологиялардын ачылышына ыктайлы. Калың катмардын оймүдөөсү заманбап билим, тажрыйба алууга дилгир.

Булак: Азия Newss гезити

Последние новости