www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Партиялар акыркы жолу чабуулга өтүп жатышат», - деди бүгүн, 16-октябра, NazarNews маалымат агенттигине философ Асан Турсункулов.

- Асан-агай, шайлоого утурлай бир топ партиялар курултайларын өткөрдү. 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөбү?

- Кыргыз Республикасындагы бир дагы партиянын эл үчүн иштейин деген ниети жок. Эптеп эле парламентке келүү максаты. Азыркы шайлоо бир топ опур-топур менен коштолушу мүмкүн. Ооба, шайлоону таза өткөрсөк болот... Бирок, анын бир гана жолу бар. Эгер мен эң жогорку чечүүчү кызматта болсом, буйрук менен ар бир депутаттын бир айлык акысын 5000 сомго түшүрмөкмүн. Автоматтык түрдө азыркы партиялар жана округдан талапкерлигин коюп жаткандар талапкерлигин алып салышмак. Ошондо жалаң элим деген акчасы жок накта патриоттор келмек....

- Парламенттик шайлоого партиялардын мурдагыдай эле көп катышаары партиялар таасирин жогото электен кабар береби?

- Азыр шайлоо мүмкүнчүлүгү толук элдин колуна өттү. Тазалайм! - десе тазаласа, мурункуларды толук чийип таштаса болот. Тагыраагы, партиялык тизме менен шайлоого аттангандар дагы фамилиясы менен чыгат. Кыскасы, кимдер шайлоого аттанып жатканын эл билүүгө тийиш.

Бул - эл үчүн кызмат кылган, бул - элге эч нерсе кылбаган деп чийип таштоо керек. Болду. Тазаланат да калат. Негизи, партиялардын аброю кеткен. Болгону алар акыркы жолку чабуулга өтүп жатат. Аларга акыркы ишеним берилди. Эл ишенимди четке какса, ошо менен биротоло тынчышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости