www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда аялдар астыртан чектөө чараларынан улам автоунаа айдоодон баш тартууга мажбур болушууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

"Полиция өкүлдөрү аял айдоочулардын изине түшүп, аларга себепсиз айып пул салып, айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алууда. Өзгөчө кара түстөгү машинелердин ээлери куугунтукка учуроодо.

Машинесин үйгө таштаган аялдардын саны өсүүдө. Ушул жумада көптөгөн аялдар автоунаа колдонушкан жок, аларга алдын ала эскертүү берилген.

Соңку мезгилдерде аялдарга автоунаа айдоого тыюу салынып жатканы тууралуу кабарлар байма-бай айтылууда.

Түркмөнстандын мыйзамдары боюнча эркектер менен аялдар бирдей укуктарга ээ", - деп жазылган маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости