www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 1-2 айдан бери карай жалаң Кыргызстанга тиешелүү макалаларды жазган россиялык «ru» деген «шапкаларды» кийген интернет-сайттар пайда болду. Мисалы, mnenie-center.ru деген сайтты алалы. «Туулганына» көп бололек. Сайттын аталышынан улам аны россиялык интернет-сайт болсо керек деп ойлойсуз. Бирок, андай ой жаңылыштык. Себеби, бул сайттын башкы кожоюну кадимки эле экс-президент А. Атамбаевдин маалыматчылары А. Үсөнов жана Ф. Ниязов.

Аталган сайтта көбүнесе Кыргызстан тууралуу гана макалалар жарыяланып турат. Эгерде ал россиялык ММК болгондо, анда Кыргызстанга мынчалык өзгөчө басым жасабайт эле. Кыязы, сайттын аталышын россиялык кылганы менен эле кыргызстандыктардын башын айлантып, көзүн боеп коебуз деп ойлошкон окшойт. Аталган сайтта жазылган макалаларда Кыргызстанды атайылап Киргизия деп жаздырып жатышканын да байкап атабыз. Себеби россиялык басылмалар ошентип жазат эмеспи.

Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдүн айтымында акыркы бир айга чукул убакыттан бери А. Атамбаев Россиядан жоон топ журналисттерди алдырыптыр. Алар дал ошол россиялык «ru» деген «шапкаларды» кийген интернет-сайттарга жарыялана турган макалаларды жазып турушмакчы. Россиялык журналисттер Кыргызстанда эң эле кеминде 3000 доллардан айлык албаса иштебей турганын билебиз. Ошондо он журналистке Атамбаев айлык акы үчүн эле айына 30 миң доллар коротуп аткан болот. Ал эми аларга ижарага алынган батирлер үчүн айына ар бирине 500 доллардан, тамак-ашы жана автоунаа чыгымдары үчүн дагы айына 500 доллардан берет экен. Ошондо жалпысынан аларга төлөнүп аткан чыгым 40 миң долларды чапчыйт. 

Ошончо акчаны Атамбаев кайдан алып төлөп жатат деп ойлойсуз? Албетте, өзү президенттик доорунда мамлекеттен, элден тоноп алган акчаларды эми кайра минтип чет элдик журналисттерге чачып атканын түшүнөбүз. Мамлекеттен уурдалган акчалар миллиондоп саналат, ал эми ошол былык иштерин жаап-жашыруу үчүн минтип анын бир тамчысын чачып коюу экс-президент үчүн кеп деле эмес экенин билебиз.

Ал эми АШАнын маалыматчыларынын командасында 2-3 гана кыргыз тилинде жазган журналисттер кызмат кылууда. Башка журналисттерге да сунуштар түшкөнүн, бирок өлкөнү тоногон коррупционердин камчысын чабуудан баш тартышканын айтып жүргөндөр бар. Ошондон улам минтип алар «россиялык басылмалар Кыргызстан тууралуу ушундай маанайда жазып атышат» деген пикир жаратууга киришишкенин байкоого болот. Бирок, элибиз эч качан жалданып иштеген чет элдик журналисттердин жазгандарына ишенбейт. Тескерисинче АШАга карата жек көрүүнү гана күчөтүшү мүмкүн, деп жазат “Учур”.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости