www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 29-майда Украинага кайтып келди. Аны түмөндөгөн адамдар «Миша!» деп ураан чакырып тосуп алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буйрукка кол коюу менен Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди.
Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Одесса облусунун экс-губернаторунун өлкөгө киришине тоскоолдук болбой турганын айткан.
Эске салсак, Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ага 2015-жылы Петр Порошенко украин жарандыгын берүү менен аны Одесса облусуна губернатор кылып шайлаган.
Бирок, эки жылдан кийин экөөнүн пикири келишпей, Саакашвили өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Андан соң, Порошенко куугунтукка алып, Саакашвилини Украин жарандыгынан ажыраткан. Ага, Саакашвилинин Порошенконун кетишин талап кылган митинги себеп болгон. Ал Украинанын жаңы президентинен өлкөгө кайтып келүүгө жана сотто өз укуктарын коргой алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге Саакашвили ага эч кандай кызмат керек эмес экенин айткан.
Булак:NazarNews.kg