www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте №2 коомдук автобуста жүргүнчүлөрдүн ортосунда орун бошотуу боюнча чыккан пикир келишпестик мушташка чейин жетти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн №2 автобуста болгон. Анда аял жаш кыздан орун бошотуп берүүнү сураган. Кийин аял «азыркы жаштар улууну сыйлабайт» деп кызды сындап, алардын ортосунда сөз талаш чыккан. Чырдын жүрүшүндө эки тарап мушташып кеткен.

Окуя боюнча милицияга кайрылуу түшкөн. Бишкек шаарынын 102 кызматына Г.Д. аттуу жарандан чалуу келип, Жибек-Жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде автобустун ичинде эки жаран мушташып жатканын билдирген.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Свердлов РИИБдин тергөө кызматына 1963-жылы туулган К.Ф. жана 1992-жылы туулган П.А. аттуу жарандар жеткирилген.

Учурда 1963-жылы туулган К.Ф. аттуу жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечим кабыл алынат.

вердлов РИИБ коомдук жайларда ызы-чуу салуу, бейбаштык кылуу, жарандарга тоскоолдук жаратуу жана коомдук тартипти бузуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Милиция жарандарды коомдук жайларда бири-бирине сый мамиле жасап, чыр-чатактарды күч колдонуу жолу менен чечпөөгө чакырат.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
2254
11.08.2026 15:34