www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары менен маек.

- Кургакчылык, суунун тартыштыгы боюнча алдын алган иштер жүргүзүлүп жатабы?

- Өзүңүздөр билесиздер, ноябрь айынын башында Глазго саммитине көп өлкөлөр катышып, президентибиз да барып, көп сунуштар болду. Кыргызстан өтө муктаж болуп турган тамчылатып сугаруу системасын, суу ресурсун үнөмдөөчү технологияларды түзүү жаатында иш алып баруу – бүгүнкү күндүн талабы.

Азыркы заманбап технология бирден-бир сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатуу жана жамгырлатуу жолдорун жайылтуу. Жакында эле министрлер кабинетинин 426 млн. сом лизингге бөлүнүшү боюнча буйругу чыкты.

4,5% менен биздин дыйкандар тамчылатуу, жамгырлатуу системасын колго алуу боюнча бул каражат каралган. Бул жылы баарыңыздар билгендей суу тартыш болду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда сууну пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар киргизилүүдө.

Алгач Чүй облусуна, кийин дагы эки облуска киргизүү боюнча суу түтүктөрүн, насосторун жаңылоо боюнча иштер каралууда. Буюрса, жакынкы аралыктан баштап иштер башталат. Азыркы максатыбыз – жаңы ыкмаларды элге тааныштыруу.

- Бүгүнкү мөңгүлөрдүн абалы боюнча да өз оозуңуздан уксак?

- Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн аянты 25-30%га чейин азайып калды. Бул Казакстандын илимий изилдөө институттары аркылуу изилденген. Климат жыл санап өзгөрүүлөргө дуушар юолууда. Бизде мөңгүлөрдү сактап калуунун эки жолу бар.

Биринчиси – токой чарбаларын көбөйтүү. Экинчиси – сууларды үнөмдүү пайдалануу. Сууну үнөмдөөгө жогоруда белгилегендей тамчылатып сугарууну лизинг аркылуу элге жайылтуу. Азыр деле суулар агып жатат. Ал сууларды топтоп, керектүү учурда элге бөлүштүрүү шарт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости