www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бокту» өмүрү көрбөгөнсүп, депутаттын эшигинин алдын булгап кетиптир, сасык экен деген депутат Бекешов өлкөнү «бандиттик Кыргызстан» деп атаган. Бекешов айткан ”бандиттик” Кыргызстанда байкуш эл оокат кылып жатат, ал эми ага окшогондор бирдеме болсо сызып кетейин деп АКШ визасын капчыгына салып коюп отурушат. Булар Батыш дегенде эки көзү төрт...

Башкасы бүтүп калгансып американын «Диснейин» бизде курбасак болбойт деген Көкүлөвко окшогон көкүлүн америкага сылаткандар бар. Парк куруп, жол салган жакшы. Бирок өзүбүздү оңдомойунча туристтерди кызыктыруу кыйын го. Көчөдө түкүрүнөбүз, какырынабыз, таштандыны каалагандай ыргытабыз, санитария жок. Бул жагынан Индияны да артка калтырчудай болуп калдык. Көчөгө чыксаң үтүрөйгөн адамдар, сен анын тамагын азыр эле жеп алып чыкканыңдай бири бирин көзүнүн төбөсү менен карашат. Коомдук транспортто күнүнө жок дегенде бир жолу ажылдаган, кыйкырышкандарды угасың.

Карманганыбыз Ысык-Көл. Ал дагы таштандыга батып турат. Ал жана башка эс алуу жайлары бир сезондук түшүнүк менен жашагандай сезилет. Сервиз начар, а баасы асманда. Өзүбүздү өзүбүз тарбияламайынча, бир эмес, он Дисней курсаң деле бир келген турист кайрылып келээри күмөн.

Аталары түптөп кеткен кадыр-барктарына жамынышып, кыргыз элин чоочуткан эрке кыздардын плеядасы өсүп баратат. Жашылбайлар эрке кыздардын көздөрүн чамгарактатып, аталарынын акчаларына таянып мода кубалап жүрө беришпей, кээ бир эрке кыздар мамлекеттин иштерине кийлигишип жиберишет. Бермет Акаеваны билебиз учурунда Кыргызстанды көңтөрүп жибергиси келип жүрүп, атасынын элге кылган кыянатчылыгын эми гана түшүнүп баратат. Дагы бир эрке кыз дүйнөлүк гений Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова. Айтматовдун кадыр –баркы, ар ким менен байланыштары  дүйнөдө зор, анын дараметин Ширин Айтматова Кыргызстан мамлекетинин өсүп- өнүгүшүнө жумшабай, жеке керт башынын кызыкчылыгына жумшап, чет мамлекеттердин жашылбайларына таянып, элди чабыштырганга уста.

Элвира Сурабалдиева деген эрке кыз бар. Мунун атасы Жыргалбек Суравалдиев, агасы Камчыбек Суравалдиевич Кудайбергенов Акаевдин бутуна –бут, колуна - кол чуркап жүрүп байыган адамдар болгон. Ошондон улам “Кудайберген” базарын түптөшүп, Жыргалбек Суравалдиев базарком –миллионерлерден турган үчүнчү парламентке  Бермет Акаеванын “Алга, Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келет. 2005-жылы 24-мартта Акаевдик бийликти колдогон көк шапкечендерге  Жыргалбек Суравалдиев  баш көз болгон деген кеп бар. Жыргалбек Суравалдиев ошол эле жылдын 10-июнунда криминалдык жаңжалдардан улам атылып көз жумган.

Камчыбек Кудайбергенов “Кыргызалтын” компаниясын жетектеп “Кумтөрдөгү ” жана “Макмалдагы” алтынды өзү билген адам болгон. Аны Акаев менен биригип, чет мамлекетке алтын ташыган деп да жүрүшөт. Камчыбек  Сурабалдиевич “Кумтор Голд Компаниден” айына 200 миң доллардан алып Акаевдин үй-бүлөсүнө берип турган, бул тууралуу ушул компаниянын жетекчиси Хоменюк чындыкты айтып маалыматка кайрылган. Камчыбек  Сурабалдиевич катуу дартка чалдыгып 2004-жылы көз жумар алдында “Кыргызалтын” компаниясынын жетекчиси катары “Кумтөрдөгү” элге тиешелүу миллиондогон долларды өзүнүн туугандарынын оффшордук зонадагы эсептерине которуп кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости