www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо эртең 14-майда өтөт. Ага азыркы лидер Режеп Тайып Эрдоган да катышат. Саясатчынын шайлоодогу негизги атаандашы Кылычдароглу болору күтүлүүдө. Жеңиш үчүн 50 пайыз добушка жана дагы бир добушка ээ болуу керек, антпесе шайлоонун экинчи туру болот, ал 28-майга белгиленген.

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандын алдыдагы шайлоодо негизги атаандашы Түркиянын президенттигине талапкер Кемал Кылычдароглу Анкаранын тышкы саясатын Батышка карай кайра багыттоого убада берди. Саясатчы убадасы тууралуу Германиянын Deutsche Welle (DW, чет элдик медиа агенттеринин реестрине кирген) басылмасына берген маегинде айтты.

“Түркиянын тышкы саясатын 180 градуска бурабыз”, - деген ал, Түркияга “чыныгы демократияны” алып келүүнү жана өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө кайра кайтууну убада кылды. Буга чейин Кылычдароглу президенттик жарыштын алдында Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандан озуп кеткени белгилүү болгон. Белгиленгендей, респонденттердин 49,5 пайызы оппозициячыга добуш берүүгө даяр экенин билдиришсе, Эрдоганды респонденттердин 41,5 пайызы колдогон.

Түркиянын президенти Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүп жатышат. Биздин президент Түркияга барып Эрдоган менен жакшы пикирде сүйлөшүп кайтты. Мурун кандай эле? Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишер менен эң алгачкылардан тааныган Түркия болгон. Түркиянын ошол кездеги президенти Сулейман Демирель: «Түркияда 60 миллион кыргыз бар» -деп кыргыз элинин сөөгүн агарткан. Түркияда гүленчилер тарабынан көтөрүлүш болгон соң, президент Эрдоган өзүнүн ал кездеги коллегасына 180 адамдын тизмесин берип, ушуларды экстрадициялоону сунуш кылган. Кыргызстанда өтө активдешип турган гүленчилердин ишмердүүлүгү боюнча маселени Түркиянын президенти Режеп Эрдоган 2016-жылы ал кездеги мамлекет башчысы  Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда кайра козгогон. Бирок, Эрдоган эки тараптын мамилелерин кескин соолгундаткан, күтүлбөгөн карама –каршылыкка дуушар болгон. Балким, Түркияда өнүгүп турган бизнеси гүленчилерге байланыштуу беле, Атамбаев өз өлкөсүнүн ички саясатынын көз карандысыздыгына шылтоолоп, Эрдоган койгон гүленчилердин ишмердүүлүгүн токтотуп, Түркия бийлигине өткөзүп берүү тууралуу суроо-талаптарын аткаруудан түз эле баш тарткан. Балким, Атамбаевдин ушул жана ушуга окшогон маселелерге шак эле төбөгө чапма мындай кыял –жоруктары, аны мамлекеттик кылмышкер деген учурдагы статуска жетелеп баргандыр.

Барыбызга белгилүү болгондой, Түркия бийлигине коркунуч туудуруп турган гүленчилер Кыргызстандын турмушунда абдан активдешип турган. Алар тарабынан «Себат» деген мектептер тармагы уюштурулган. Түркиянын бийлигинин бир тараптуу баалаганына караганда бул тармактар сыртынан агартуу иштерин жүргүзгөнү менен, бул чөйрөдө бийликти басып алууну көздөгөндөр гана иштеп жатышат деп аныкташкан. Ушул себептенби, «Себат» тармагы «Сапат» болуп өзгөрүп кеткен.

Кыргызстандын андай кийинки президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти  Эрдоган менен «гүленчилер көйгөйүн» бир-нече ирет талкуулашкан.  Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти  Эрдоганга так кесе жооп бербесе да, Кыргызстан бул адамдарды билерин, бирок алардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алып жатканын билдирип, дипломатиялык мамилелерди сактап жооп берген.

Гүленчилерди жанындай жек көргөн Эрдоган: «Алар армияга, полицияга жана башка мамлекеттин бардык тармактарына кирип алышып, көтөрүлүш даярдашат», — деп кыргызстандык коллегасын алардан алыс болуусун үндөгөн. Кыргызстанда гүленчилер тууралуу мамилелер өзүнөн-өзү түзүлүп калбайт, Түркияга салыштырмалуу объективдүү айтканда Кыргызстанда бул маселелер анчалык актуалдуу маселе эмес. Бирок Түркия бийлигинин өзгөчө кызыкчылыгынан улам бул маселе эл арасында күтүлбөгөндөй негативдүү мааниге ээ болуп кетти.  Кокусунан эле биринчи багыттарга чыгып кеткен мындай саясатты кимдер жолго салат?

Борбор Азиянын саясатында  түрк биримдиги тууралуу идеялар чечүүчү орундарды ээлей турган убак өткөн. Кыргызстанда активдүү иштеп жаткан түрктөрдүн коммерциялык эмес, агартуу жана кайрымдуулук уюмдарына коркунуч туулуп турат.  Ушундай бурулуш мезгилдерде эң таң калычтуусу, кээ бир тараптар үчүн ушул иш - аракеттер  түрк дүйнөсүнүн пайдасы үчүн жасалып жаткан иштер сыяктуу жымсалданып жатат. Кыргызстандын заманбап  турмушунда  – элди алга үндөгөн чакырыктар менен, иштеп жаткандар бар жана да чөлгө суу куйган, бакчаны кум менен азыктандырып өздөрүн «серый кардинал» ойлошкон саясатчылар да бар.

Ислам дүйнөсүн туу тутушкан бүгүнкү мамлекеттер ортосунда да, бири –бири менен болгон саясий ажырымдар бар. Көз карашы боюнча жеке тирешип келаткан Түркия республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосунда тамырлашкан карама –каршылыктар ар бир болуп жаткан окуялардан улам курчуп, өзүнө тиешелүү жаңы  фронтторду түзүп турат. Эгер саясатын салмактап көрбөсө Кыргызстан да ушундай фронттордун бирине айланары бышык, Түркия биз тарапты боор тартып, айтканыбызды угат деген ишеним менен мамиле кылып келсе да, күтүлбөгөн жерден «мурун жаакка бир жесе», эми да ойлогон ойлору таш каап тургандай.

  Чындыгы Түркия талап кылып жаткандарды гумандуулук маселесинде ала турган болсок, алар эгер кылмыш иштерин жасаган болсо, аларды кайтарып берүү милдеттүү болуп саналат.

 Ал эми Кыргызстандын өнүгүүсүнө кимдин тийгизген таасири чоң деген маселеге келсек, Түркия мамлекетинин салымы башка мамлекетте жашыруун тармактарын түзүп жатышкан гүленчилерге караганда алда канча жогору экени белгилүү. Гүленчилердин саясатын Сауд Аравиясы аныктайт деген кеп бар, Кыргызстанда мекенчилдер улуттук кызыкчылыктарды сакташканы менен, азырынча жалпы түрк мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыктарын сактай турган күч түзүлө элек. Ошондуктан, Түркия мамлекетинин кызыкчылыгына кошулбай, тескерисинче негативдүү мамиле кылып келишүүдө.  Түркия эл аралык аренада өз позициясын чыңдап, Жакынкы Чыгыштагы болуп жаткан чыр-чатактарды жөнгө салууда маанилүү күчтөргө айланып, АКШ мамлекетине көз карандысыз экендигин жарыялап жатат. Ошол эле кезде ушул кезге чейин боордош, бир тууган жана чыныгы дос катары көрүп келаткан Кыргызстанда анын кадыр –баркы түшүп бараткандай.

Тыңчылар тууралуу жазылган  романдардай, бул окуялардын артында  улуттук кызыкчылыктар эмес, табышмактуу инсандын таасири тийип жатат, анын чет мамлекеттеги кожоюндары жана деструктивдүү күчтөр, бүт планетаны ороп, түрк коомчулугун  муунтуп өлтүргүсү келип жаткандай.

Ушул айтылгандардын арасында «Амир-полковниктин» жана анын Сауд Аравиясындагы өнөктөштөрүнүн  карааны жүрө турган. Кыргызстанда  Орозбек Опумбаевдин УКМК жетекчилигинен кетирип, анын ордуна «Амир-полковник» келмек да, «Амир-генералга» айланып калышы мүмкүн эле. «Амир-полковник» иштин башатын касапчылыктан баштап, полковник болгуча ийгиликтүү соодагер болгон. Ишкер өнөктөштөрүнүн айтымында ал жоопкерчиликтүү эт сатып алуучу болуп, өз товарын  Сауд Аравиясына жана Бириккен Араб Эмиратына билгичтик менен сатып турган. Амбициясы айды чапчыган «Амир-полковник»  үчүн кыргызстандын мал чарбачылыгын көтөрүү көңүлүндөгүдөй эмес эле, ошондуктан ал өзүнүн ишкер байланыштарын аравиялыктардын бийликтегилеринин өкүлдөрү менен терең жана формалдуу эмес мамилеге жумшаган. Эгер ошол мезгилдеги Сауд Аравиясынын ыйгарымдуу укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов менен таанышып, байланышып кылбаса бул байланыштары түккө турмак эмес.

 «Амир-полковникти» атайын кызматтардын төбөсүнө алып келип Шарипов, президентке кирүүгө эшикти кенен ачып берген. Исламдык жашоо образына таянган «Амир-полковник» өз алдынча иш кылган фигура, ошондуктан Жамаат Таблиги кыймылына колдоо көрсөтүп жүрчү.  Сауд Аравиясынын өкүлдөрү менен байланышка чыкканда «Амир-полковник» чыныгы мусулмандардын жүзүн сактайт, кандай болгон күндө да «Амир-полковниктин» образы  ислам динин «таза тутуп» келаткан саудиттердин кызыкчылыгын сактап, коомдун светтик  жаңыланышын жана башкача ой жүгүрткөндү шапалакка ала тургандай сезилет.  «Амир-полковник» андан ары чоң секирик жасай турган болсо, өзүнүн колдоочуларынын жолун жолдоп, аны менен макул болбогон журналисттерди шариаттын жолу менен  жок кылмак. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 


 

 

Последние новости