www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаковдун бийликке келишин үмтөтүп калган АША учурунда камактан бошоно турган болсом көргүлүктү көрсөтөм деп жүрүп, камактан бошонгон. Камактан бошонор менен азыркы бийлик менин таз кейпимди кийип калбаса экен, бул бийликке боор тарткан боюнча унутулду. Андан көрө камакта жатканда бир аз АША тууралуу сөз болуп турчу. Атамбаев “Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай” Гүлен боюнча Түркиянын президенти Эрдоган менен эрегишип, терс карашып калган. Түрк мамлекеттери өтө турган саммиттер саамактырып өтпөй жаткан. Кийин 2017-жылы Казакстандын президенти Назарбаев менен “жекеме-жеке” чыккан. Президент болгон соң элдин, мамлекеттин ахыбалын ойлош керек эле, ал эми Атамбаев өзүнүн жеке позициясын алдыга койгону туура жмес. Мисалы андан мурунку президент Курманбек Бакиев “Датка-Кемин” электр жолунун долбоорун, ТЭОсун бүт бүтүрүп, ишти баштап койгон. Атамбаев тарыхта менин атым калат деп, “Датка-Кеминди” бүтүрттү. Ал эми 2010-жылы ЦАРИИде болгон жыйында ТЭЦтин курулушу боюнча долбоорлор каралган. Ал жерде эки долбоор бар эле, бири бул ТЭЦти бүтүрүүгө 200 млн. долларлык долбоор жана ушул ишке 150 млн. доллар корото турган курулуш болгон. Ошол мезгилде ЦАРИИнин маалымат бөлүмүн тейлеген Сапар Исаков бул долбоорлорду кантип билбесин? Максим Бакиев менен 2010-жылдын 6-апрелинде Вашингтонго учуп кеткен Сапар Исаков кайрылып келип Убактылуу Өкмөттүн биринчи орунбасары Атамбаевдин эң жакын адамына айланып, ал президент болгон соң тышкы саясатын тейлеп, Кытайдын ТВЕАсына 386 млн. долларга ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөздү. Башка ашына мамлекеттер мындай акчага эки ТЭЦ куруп алышты. Ал эми бүтүп бараткан “Камбар-Ата”-2 ГЭСтери кароосуз калды.
Ушул Атамбаев деле Бакиевдин учурунда сопсонун эле иштебеди беле? «Бийликти мыйзам алкагы менен алууга болбойт, бийликти басып алыш керек!» -деген саптардын автору ошол мезгилдеги оппозиционер А.Атамбаев болгон. Бийлик алмашты. «Ким Ак ʏйдʏ басып алса, ошол бийликке келет» -деген Атамбаев министрлик «креслого» эптеп илелешти. Анан премьер-министр болуш ʏчʏн элди канча козгоду? Кѳксѳгѳн ѳкмѳт башчысына жетер менен ѳлкѳнʏ 2007-жылы кʏзʏндѳ кымбатчылык каптап, «Данакер» орденин тѳшʏнѳ кадап Бакиев жылуу жумшак узатып жиберди. Ага карабай Медет Садыркуловду ортого салып 2008-жылдын жазында Германияда ооруп жаткан Бакиевге чейин жетип, Бишкектин мэрин мээлжеп турду. Курманбек Салиевич кур алакан калтырганда оппозицияга ооп, 2009-жылы президентке талапкер болуп, шайлоо кʏнʏ шайлоочуларынын ишенимин сатып, талапкердигин алып салды. Ошол мезгилде оппозиционер Атамбаев: «Керек болсо миӊ адамдын ѳмʏрʏн курмандыкка чалсак дагы бийликти басып алабыз!»- деген жалындуу сѳзʏн айтып жатпайбы, катыгʏн! Ишенбегендер Феликс Куловдун «Ашууда» деген мемуарын окуӊуздар. «Ириген ооздон, чириген сѳз чыгат», анын оозунан чыккан сѳздʏн айынан 2010-жылдын 7-апрелинде, июнь коогалаӊында канчалаган адамдар курмандыкка чалынды?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg