www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Башкы прокурор Зулушев асылып жүрүп министрден кетирген Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министрликке келатат. Акыркы өкмөттөгү жаңылыктар бийликти өз кишилери менен чыңдап Акаев сунуштаган билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Андан тышкары да Кыргызстандын Министрлер Кабинетинде олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. «Инкубский уу коргошун министр»  Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кудайберген Базарбаев Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеп турган Гүлнара Баатырова дайындалды.

Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыккандарды аконит (Ысык-Көл тамыры) менен дарылаганы менен белгилүү. Ал 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген. 2022-жылдын июнь айында Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган, бирок кийинчерээк иш токтотулган.

Мурун «инкубский уу коргошун министр» президент да эскертүү бергенин кошумчалаган. «Өзүмдү туура алып жүрүшүмдү айтты, жаман сөз айткан жок», - деген саламаттыкты сактоо министри. Осмонбек Артыкбаев, Дамира Ниязалиеванын «аптекабосстору» дарыларды кымбаттата баштаган. Ал эми аларга чара көрүүнүн ордуна Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар ким менен тил табыша албай урушуп жүрдү. Ал кылып жаткан иштери коомдо жаш өсүп келе жаткан жаштарга терс таасир тийгизип жаткан. «Аконит» министрдин өзүнүн деңгээлине карабай туруп, сөгүнүп, оозуна келгенди айтып, «тишин санап, чачын жулуп» жатканы коомдо өсүп келе жаткан жаш муунга терс тарбиянын үлгүсүн көрсөткөн. Анткени, алар «демек, азыркы коомдо билим менен маданияттуу болуунун деле кажети жок экен. «Президенттин эрке баласы» болуп, бирөөнүн колтугуна кирип алса эле болду экен» деп ойлой башташкан. Тез арада бул министрге чара көрүлбөсө арты жаман болот дешкен, аны колдоп жаткан элдерди да бир күнү өз үйлөрүнөн да кууп чыгышы мүмкүн. 

Алымкадыр Бейшеналиевдин бул жосунсуз жоругуна «кой» дей турган жогору жактагылар кайрадан министр кылышты. Негизи, мыйзамда «преступное бездействие» деген бар. Кылмышты кандайдыр бир иш аракеттер менен эмес, унчукпай отуруп деле жасаса болот. Мына азыр бийликтегилердин «аконит» министрдин кылгандарына эч кандай реакция кылбай,кайрадан министр кылышып, карап отурганынын өзү да кылмыш болуп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости