www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолку парламенттин өзгөчөлүгү Акаев доорунан тарта Бакиев доорунда үлкөн кызматтарда иштегендер бакыйып келип, бапылдап атканында. «Бир Бол» деген партиядан аттанып чыгып, алты ай узабай атып мандатынан айрылган Бакыт Есенбаева Бакирдин Субанбеков деген лөккө ордун алдырып тынды эле, Субанбеков ошондон бери суналып олтурат. Бул генерал Бакирдин Субанбеков Кара-Балтадагы Пивзаводду эбак эле менчиктештирип алгандыгы маалым эмеспи. Аны кезинде баардык эле ЖМК жазып чыккан. Кызыгы ошол Пивзаводдун жерин кытайдын нефтини кайта иштетүүчү Жунда ишканасына 3 млн. долларга сатып, капчыгын кампайткан. Айтмакчы, Субанбеков гезиттерге берген маегинде «Мен өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштедим. Эч кандай байлыгым жок. Балдарым мага жардам берип турушат»- деп сопусунат да, кайра эле: «Мен ушуну менен үчүнчү жолу шайлоого катыштым. Үгүт иштеринде жер-жерлерге барганда, албетте, чыгым болосуң. Мындай иштерге бир далай эле каражат кетти»-дейт. Деги карт бөрүлөр капталдан чыгып калп айтканын качан коюшат? «Гаишник» каймана аты бар, кезинде ИИМ мииистри болгон Субанбековду жарды дешке болобу? Сиз ишенесизби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости