www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумуш издеп жүргөндөр жан багыш үчүн ар кандай оорчулукка даяр. Ошондуктан жер шыпырганга, жүк көтөрүүгө, мал багууга, көмөкчү жумушчу катары иштөөгө макул экендигин билдиргендер жок эмес. Болгондо да чет жактарга барып жогоруда айтылган иштерди жасоого муктаж. Анткени кыргыз жергесинде жумуш аз, айлыгы төмөн.
Жакында Туркиядагы мигранттардан жумуш түштү. Көрсө ордунан жылалбаган чалды багууну сунуштаптыр. Албетте, андай катаал ишке аял кишинин колу керек. Тигинин алдын тазалайт, кийимин алмаштырат, курсагын тойгузат, дарысын берет, оокатын даярдайт, үйдү ирээтке келтирет. Күндө ошол жумушту аткарууга милдеттүү. Анда да жөн коюшпай чалдын бала-чакасы көз кырын салып, жасалган ишке өз баасын берип турушат. Көңүлүнө туура келбеген иштерин кайрадан жасатат. Балит ишти балээни өзүлөрү жасайбы, күңгө аткартышат. Ошентип күңдүн заманасы куурулат, эч кимге көрүнбөй бышактап алат. Анан кайра эле көнгөн жумушуна баш оту менен киришет. Бул аз келгенсип уйку бетин көрбөй тигил чалдын ачылган жерин кымтылап, суусаса суусун берип, көлдөтсө шейшебин оодарып, белин укалап, бетин сылап таңдан-кечке убараланат. Алганы 300 доллар, биздин акчага айландырса 20 миң сомдун тегереги. Ошого да каниеттенет.
Учурда Туркияда күң болуп иштеген келиндер, аялдар толтура. Жатаканасы, тамагы бекер болгондуктан ошого да миң мертебе шүгүр кылат. Өзүнүн ата-энесине кылбаган аяр мамилени бөтөн чалга кылууга мажбур. Кичине каражат таап алгыча ушул чал өлбөй турса экен деп күндө кечкисин дуба кылат, шордуу. Кайран өмүр ушундай өңүттө билинбей өтүп жатат. Бул жакта калган уялаштарын, балдарын эстегенде жүрөгү опкоолжуп кетет, аттиң. Минтип күң болгонуна арданат, ичи сыйрылат. Бирок, кыйын жашоо ошого түртмөктөп жаткан соң кайрадан баарына сабыр кылууга аргасыз болот. Түнөргөн ойлорун оорукчан чалдын жөтөлү бузуп жиберет, лепилдеп тигиге жетип барат…
Р. Насипбекова
Булак: "Ачык сөз"