www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек. Шри-Ланкада баш кесер боюнча жарыяга жумуш издеп жүргөн 102 киши жооп берген. Бул туурадуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта аталган жарыя жергиликтүү бийликтин баңгизат саткандарга өлүм жазасын кайтаруу чечиминен кийин чыккан.
Ага ылайык, баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек. Андан тышкары, "адеп-ахлагы бийик", акылдуу жана токтоо болушу шарт. Дагы бир талап боюнча баш кесер болуп Шри-Ланканын жараны гана иштей алат, мындан улам талапкерлигин сунуштаган америкалык жаран терс жооп алган.
Белгилей кетсек, акыркы 43 жылдан бери кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча соттун бир нече чечимине карабай бул өлкөдө мындай катуу жаза ишке аша элек. Гумандуулук принцибине таянуу менен одоно мыйзам бузгандар өмүр бою эркинен ажыратылып келет.
Басылманын маалыматы боюнча өлүм жазасы Шри-Ланкага Филиппиндердеги абалдан улам кайтарылган. Ал жакта эки жылдын ичинде баңгизатка каршы күрөшүү аракеттеринин натыйжасында 5 миңден ашуун киши каза тапкан.
Булак: "sputnik.kg"