www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура чаташып турат

Жакында КРнын Башкы прокуратурасы Бишкек ЖЭБдин иши боюнча соттолуп жатышкан Сапар Исаковдун жана Айбек Калиевдин адвокаттарынын билдирүүлөрүнө жооп кайтарды. Адвокаттар алар коргоого алгандардын иште күнөөсү жок экенин айтышкан. Башкы прокуратура «жок, далилдер бар, анткени алар бар» деген тейде пресс-релиз менен жооп кайтарды. Мындай жооптон баары айкын боло калган жок.

Негизги талаш-тартыш Бишкек ЖЭБди кытайлардагы 380 миллион доллар эмес, Дүйнөлүк Банктын эсебинен 150 миллион долларга реконструкцияласа болот беле, жокпу деген суроонун тегерегинде жүрүүдө. Башкы прокуратура кайсы бир себептерден улам мындай мүмкүнчүлүк бар эле деп эсептейт. Ал жакында эле Дүйнөлүк Банктын: ТЭНди анын адистери даярдабаганын, демек, анын сунушун олуттуу деп атоого болбостугун эске алган жок. Айыптоо кандайдыр бир «алдын ала ТЭН» болгон деп ишендирүүдө.

«Биз эмне туурасында талашып жатабыз?, - деп кызыкты Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов. - Ишке эч кандай «алдын ала ТЭН» тиркелген эмес, тергөө мындай документти тапкан эмес. Материалдарда ал жокпу, демек сөз кыла турган эч нерсе жок. Болгону алдын ала кеңешүүлөр гана болгон, бирок алардын эмне менен бүткөнүн эч ким билбейт. Кыязы, эч кандай жыйынтык болбогон. Реалдуу сунуш Кытайдан гана түшкөн жана аны башка альтернатива болбогондуктан кабыл алышкан», - дейт ал.

Нурбек Токтакуновдун пикиринде айыптоочулар калп айтууда. Сотто бул сөзсүз ачыкка чыга келет. Анын айткандары учурда Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрүнүн айтып жатканы менен толук шайкеш келип турат.

Өз убагында Максим Бакиев талкуулаган вариант ЖЭБди түп-тамырынан бери модернизациялоону убада кылган эмес. Нурбек Токтакунов бул туурасында мындай дейт: «Дүйнөлүк Банктын вариантында ЖЭБдин кубаттуулугун жогорулатуу эмес, болгону беш казан агрегатын жана эки турбогенераторду алмаштыруу гана каралган. Дүйнөлүк Банк өзү тастыктап жаткандай, эч кандай техникалык-экономикалык негиздеме болгон эмес. Кеп 2010-жылдын 11-февралындагы ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев өткөргөн кеңешмедеги алдын ала баалоолор жана сунуштар туурасында гана жүргөн.

Маанилүү деталь. $150 миллионго реконструкциялоо варианты ишке ашчу болсо М. Бакиевдин жогоруда айтылган кеңешмесинин протоколуна ылайык, Дүйнөлүк Банк $100 млн. гана бермек, ал эми долбоордун калган $50 миллионун кыргыз тарап өз бюджетинен каржылоосу керек эле.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк Банктын $100 млн. берүүгө макулдугу Данияр Үсөновдун өкмөтү 2010-жылдын 1 -январынан тартып электр энергиясына тарифтерди 2,5 эсеге жогорулатканына негизделген. Маалым болгондой, апрелдеги саясый төңкөрүшкө алып келген элдин кыжырлануусунун башкы себептеринин бири мына ушул тарифти көтөрүү болгон", - дейт Токтакунов.

Азамат КАНГЕЛДИЕВ

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости