www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечейбаев Эркин Маратович саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал 1974-жылдын 16-ноябрында туулган. 1991-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын санитардык-гигиеналык факультетинде окуган жана «профилактикалык иш» адистиги боюнча «санитардык врач» квалификациясын алган.

2014-2015-жылдары Маастрихт университетин (Нидерланд) ден соолук, медицина жана табигый илимдер факультетин «ден соолукту чыңдоо жана билим берүү» («Health Promotion and Education») адистиги боюнча бүтүргөн.

Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында иштеген.

1997-1998-жылдары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дары болгон.

1998-2000-жылдары — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчи адиси. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин реформаларды киргизүүнү координациялоо башкы башкармалыгында кеңешчи болуп иштеген.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун түрдүү долбоорлорунда иштеген. 2009-2017-жылдары Барселонада жашап, көз карандысыз консультант болуп иштеген.

2017-жылдын апрелинен 2018-жылдын апрелине чейин ДССУда иштеген: Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу департаментинин, ден соолукту чыңдоо бөлүмүндө, андан кийин ДССУнун башкы директорунун орун басарынын аппаратында, Жугуштуу эмес ооруларды алдын алууну координациялоочу глобалдык механизминин техникалык директору кызматында иштеген.

2018-жылдын 3-апрелинде Чечейбаев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалып, бул кызматта 2020-жылдын 29-январына чейин иштеген.

Последние новости