www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бокту» өмүрү көрбөгөнсүп, депутаттын эшигинин алдын булгап кетиптир, сасык экен деген депутат Бекешев өлкөнү «бандиттик Кыргызстан» деп атады. Бекешев айткан ”бандиттик” Кыргызстанда ким бир мандаттуу шайлоону, ким партиялык негизде шайлоону каалайт? Шайлоочулардын көпчүлүгүнө партиялык шайлоо жакпай калды, көпчүлүк бир мандаттууу округдардан шайлоо болсо дейт. Себеби, алар ошол аймак үчүн безилдеп чуркашып, көп жакшы иштерди аткарып беришет. Ал эми партиялык тизме менен келгендердин аймактары жок, алар Кыргызстанды бандиттик деп коюшуп күчүн тилдеринин чаңдарынан чыгарышат. «Республика» партиясынан депутат, Бабановдун жээни Жээнчороев БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты. Нуржан Шайлдабекова да ооз ачып калган жок, ал да . «Республика» партиясынан депутаты Жээнчороевке «Саясий партиялар өздөрү партиялык институтту дискредитация кылып жатат» -деп жооп кайтарды.

Парламентте президент тарабынан сунуштаган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгеси каралды. Ага ЖК депутаттарын бир мандаттуу округдан 35, партиялык система менен 55 мандат берүү нормасы киргизилген.

Бийликтин алмашышына эч кандай күнөөсү жок, дайыма ким бийликте болсо ошону карап жылмайып сүйлөгөн Нуржан Шайлдабекова:

 "Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген", — деди..

«Республика» партиясынан депутаты Мирлан Жеенчороев чыгып БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты:

"Сиз өзүңүздөгү төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо сиз башыңызды катып отуруп алгансыз. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча сизге толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгонсуз. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алдыңар. Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө", — деди Жеенчороев.

Ошондой эле«Республика» партиясынан депутаты Шайлдабекованын буга чейин "ЖКда отурган партиялар өзүнүн институтун дискредитация кылып, ишинин маңызын билбей койду" дегенин сындады.

"Кечээ күнү эле биз менен иштешип, жети жыл бою кол кармашып жүргөн киши бүгүн өзүнүн саясий боёгун жоготуп, ушинтип атырылып жатат. Бул бери жагын айтканда тарбиясыздык, этикага жатпайт. Күнөөнү бир тарапка шылтап коюп мен тазамын дегенден алыс болушу керек. Уят болот!" — деди депутат.

Бирок БШК төрайымы антип эч кимге интервью бербегенин айтып, депутатты туура эмес маалымат таратпоого чакырды. Мындан улам Жеенчороев Шайлдабекованын пикири тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккан материалды окуп берди. Ал эми Шайлдабекова ЖМКга чыккан маалыматтар үчүн жооп бербестигин айтып, ошол эле учурда кайра "эмне чынында андай эмеспи?" деп суроо салды.

Ага жооп берген «Республика» партиясынан депутаты БШК өзү коррупциялашып кеткенин билдирип, дискредитация тууралуу айтканда "кээ бир партиялар" деп сүйлөөгө чакырды.

“Азыр депутаттарды шайлоодо эки система каралып жатат. Президенттин демилгеси менен бул долбоор ишке ашууда. Азыр коомдук талкууга коюлууда. Ар бир системанын артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Бул система аралаш болгондуктан кемчиликтер көп. Мында гендерлик квота жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дагы укуктары каралган.

35 депутатты бир мандаттуу болот деген жагы дагы каралууда. Жалаң гана көз карандысыз талапкерлер дагы Жогорку Кеңешке катышса болот. Мыйзам жөнөкөй механизм болбошу керек. Отуз бешөө округдан шайланып келет. Калган мандаттар партияларга берилет”, - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Аралаш шайлоо тутумунун Кыргызстанга кандай артыкчылыктары бар? Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан. 2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.

Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген. Белгилей кетүүчү нерсе, ачык тизме менен пропорционалдык тутумдун дагы, аралаш тутумдун дагы өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.

Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун өзгөртүү боюнча коомчулуктун өтүнүчүн канааттандыруу зарылчылыгы пайда болду, мында талапкердин көрсөтүү субъектиси саясий партиялар гана эмес, ошондой эле жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен боло алат.

Артыкчылыктар: 1) парламенттеги региондук өкүлчүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;

2) жарандар иш жүзүндө бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтө алышат;

3) депутаттын шайлоочулар менен тыгыз байланышы, шайланган депутаттардын жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги камсыз кылынат, депутаттын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, шайлоочулар парламентте алардын кызыкчылыгын ким коргоп жаткандыгын так түшүнүшөт;

4) учурдагы шайлоо тутумунун артыкчылыктары жана жетишкендиктери сакталат: - квоталар аркылуу социалдык топтордун өкүлчүлүгү; - саясий партиялар институтун андан ары өнүктүрүү.

5) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн эки субъектиси. Мындай система аз сын-пикирлерди жаратат (калктын талабы канааттандырылат);

6) аралаш шайлоо тутуму бир катар КМШ өлкөлөрүндө (Оруссия, Грузия, Украина), Европада (Италия, Германия, Венгрия) колдонулат жана өзүнүн эффективдүүлүгүн эң ийкемдүү жана туруктуу катары далилдеди, айрыкча мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү кырдаалдарында катуу кризистерден кийин.

Кемчиликтери: 1) бир мандаттуу шайлоо округдарында квоталардын сакталышы камсыздалбайт, бирок бул пропорционалдык системада сакталган жана күчөтүлгөн квоталар аркылуу компенсацияланат.

2) бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин түзүүнүн татаалдыгы.

3) бош мандат болгон учурда бир мандаттуу округдардагы жаңы шайлоолор өткөрүү, бюджетке кошумча финансылык жүк.

4) чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө укугу жок.

МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ: Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат (59-берене):. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат; 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: пропорциялык тутум боюнча – саясий партияларга; мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент тарабынан сунушталган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин сындады. Эл өкүлдөрү пропорционалдык жана мажоритардык система менен ЖК депутаттары тандалса байлар менен партия лидерлери гана өтө турганын айтууда.

"Нуржан Кармабековна, сизди тажрыйбалуу адам катары сыйлайм, бирок бүгүн сизди тааныбай турам. Эгер бул мыйзам өтүп калса пропорционалдык системада үч пайыздык босого менен 10дон ашык партия келет. 55 мандатты бөлө келгенде ар бирине беш-алтыдан тиет экен. Анда парламентке партия лидери жанындагы эки «золотою» жана эки олигарх менен келет. Ал эми мажоритардык системада гендердик теңдик сакталган эмес, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлана албайт. Сиз ушуну каалап жаттыңыз беле?" — деди депутат Улугбек Садиков.

Шайлдабекова сунушталган мыйзам долбоорунда партиялардын талапкерлерди көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү каралганын билдирди. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго мыйзам долбоорунун эки вариантын сунуштап, азыркысын тандаганын айтты. Эл өкүлү Жыргалбек Турусбеков дагы азыр бул система менен бир партиядан 5-6 депутат шайланса элге берген убадасын аткара албастыгын белгиледи. Аны менен катар пропорционалдык системада байлар, партия лидерлери, бир мандаттуу округдан да байлар эле шайланып, жаштар келе албастыгын эскертти.

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда саясий туруктуулукка кедиргисин тийгизерин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июлдагы жыйынында билдирди. «Был мыйзам эмес резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким».

Былтыр күздөгү парламенттик шайлоонун ыплас өткөнү маалым. Административдик ресурс колдонулуп, сатып алуулар чектен ашкан. Өзгөчө бийлик партиялары ашынып кетишип, мандаттарды күчкө салуу менен гана бөлүп алышканы эсибизде. Карайлаган карапайым калк жарылып, бийлик алмашуу таризинде төңкөрүш жасалган. Жоготууларга учурадык! Бул кейиштүү окуяга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова башкы күнөөкөр катары белгилүү эле.

Албетте, ийне жибине чейин чечмелөөнүн кажети жок. Элибиз баарын билет. Дал ушундай саясый чоң ката кетиргенден кийин Шайлдабекова сыйы менен кызматын тапшырып, токтоосуз кетиши керек эле. Тилекке каршы, былтыртан бери креслосуна жармашып, кайрадан БШК төрайымдыгына шайланып алды. Президенттик аппараттын тандоосу болгону талашсыз.

Бийлик эски каталардан арыла албай, дал ушул дайындоо аркылуу акылдан азап чегүүдө. Убагында Алмазбек Атамбаевге, кийин Сооронбай Жээнбековго кызмат кылган, шайлоолордогу мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке көз жумган Нуржан Шайлдабекова эми Садыр Жапаровдун “кол жоолугуна” айланганы баш чайкатат. Бул жагынан коомчулукта нааразычылык күчөп баратканы, убагы келгенде чийинден чыгып кетпейби?..

Депутаттар минтип кайым айтышып жатышканда Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаты Дастан Бекешевге Кыргызстандан учуп кетүүгө уруксат берилбей калганын айтып нааразы пикирин  билдирди.. Депутат белгисиз себептерден улам чек арага «желектер» коюлганын айткан:

«Мен командировкага учушум керек болчу, тилекке каршы, алар чек арага желектерди коюшту. Бийлик эмне үчүн мындай кылып жатат, билбейм. Бизде кандайдыр бир бандиттик мамлекеттей», – деди ал.

Бирок, көп өтпөй эл өкүлү кайрадан билдирүү калтырып, учуугу уруксат берилгенин айтты:

«Айрым түшүнбөстүктөрдөн кийин учуп кетүүгө уруксат беришти. Бирок мен эмне үчүн мындай болгонун иликтейм. Мен эч кандай кылмыш жасаган жокмун, бирок алар мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышты», – деп балдирген Бекешев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости